Репродуктивдик укуктар

Википедия дан

Репродуктивдик укуктар – адамдын жыныстык ден соолугу менен байланышкан, ар кайсы өлкө өз алдынча аныктаган жана ар кандай түшүнүлгөн мыйзамдуу (юридикалык) укуктардын бир бөлүгү.[1] Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча жарандардын өздөрүнүн репордуктивдик саламаттыктарын, никеде жана никеден сырткары балалуу болуу же болбоого карата эркин чечим кабыл алуу, ошондой эле ушул чөйрөдө медициналык-социалдык, маалыматтык жана консультативдик укуктарын коргоо.[2]

Жарандардын тукум улоого, алардын репродуктивдик ден соолугун коргоого жана никеси бар же никеден тышкары бала төрөө (төрөтүү) же бала төрөөдөн (төрөтүүдөн) баш тартуу, бойго бүтүрүү жана бала төрөө ыкмалары туурасында чечимдерди эркин кабыл алууга, бул чөйрөдө медициналык, маалыматтык жана консультациялык жардам алууга болгон укуктары.[3]

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун аныктамасына ылайык, репродуктивдик укук – бул аял менен эркектин эркин жана өз алдынча балалуу болуу, кайсы учурда, кандай аралык менен наристени пландоого жана ага байланыштуу маалыматтарды жеткиликтүү алууга болгон укугу.[4]

Адамдын репродуктивдик укуктарынын кээ бирөөлөрү репродуктивдик ден соолук кызматтарына жана легалдуу, коопсуз аборт жасатууга укук, контрацепцияга жана сексуалдык билим берүүгө жеткиликтүүлүк, ошондой эле мажбурлап стерилизациялоодон, бойдон алдыруудан жана контрацепциядан, кыз жана эркек балдарды сүннөткө отургузуу сыяктуу гендердик практикадан коргоону камтышы мүмкүн.

Латын тилинен (re – “кайрадан” жана production – “улантуу”) которгондо – тукумду арбытып көбөйтүү, тукум улоо деп чечмеленет.

 Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Репродуктивдик укуктар адам укугунун бир түрү катары 1968-жылы 23-майда Иранда өткөн БУУнун адам укуктары боюнча эл аралык конференциясында түзүлгөн[5]. Конференцияда кабыл алынган декларациянын 16-пунктунда “ата-энелер эркин жана жоопкерчиликти сезүү менен балдардын санын жана алардын төрөлүү аралыгын аныктоодо тартып алгыс укукка ээ” деп жазылган. Кыргызстанда биринчи жолу “Жарандардын репродуктивдик укуктары жөнүндө” мыйзам 2000-жылы кабыл алынган.[6] Мыйзамдын жаңы редакциясы өзүнө 26 беренени камтыйт.[7]

Кош бойлуулук жана төрөт[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кош бойлуу аялдын эстелиги, Түндүк Македония.

Кош бойлуулук – аялдын репродуктивдик органында эмбрион же түйүлдүк өөрчүп жаткан учурдагы аялдын өзгөчө абалы.[8] Кош бойлуулук эркектин жана аялдын урук клеткаларынын жатында кошулуусунан жаралат. Түйүлдүктүн жынысы уруктук хромосомалардын (XX же XY) айкашуусунан көз каранды. Энелик клетка такай Х хромосомаларын, сперматозоиддер – Х же Y хромосомасын алып жүрүүчү болуп саналат. Наристенин жынысы (Х хромосомада – кыз төрөлсө, Ү хромосомада уул төрөлөт) уруктук хромосома менен аныкталат.[9] Кош бойлуулуктун орточо мөөнөтү 38 жума деп эсептелет.  

Төрөт – кош бойлуулукту жыйынтыктоочу табигый физиологиялык процесс.[10] Ал толгоонун келиши, жыныс органынан суюктуктун агышы, жатын моюнчасынын ачылышы, түйүлдүктүн төрөт каналы аркылуу сыртты көздөй жылышы жана анын чыгышы менен коштолот. Эненин каалоосу менен же табигый төрөт эненин өмүрүнө коркунуч туудурса наристе ичтен операция аркылуу (кесарево ыкмасы) алынып чыгышы мүмкүн. Төрөт учурунда аялдын ден соолугуна олуттуу коркунуч жаралышы мүмкүн, мисалы, жүрөктүн иштешинин бузулушу же сөөктөрдүн ордунан жылып кетиши. Өз мөөнөтүндө төрөө – аялдын төрөттүн болжолдуу датасына жакын – 37 жумадан 42 жумага чейин көз жарышы (260-293 сутка). Мөөнөтүнөн мурун төрөт (22-жумадан 37 жумага чейин), кечиккен төрөт (42 жумадан ашып кетсе) деген да түшүнүктөр бар. Төрөттүн нормалдуу узактыгы биринчи төрөттө 9-11 саатты, экинчи же андан кийинки төрөттө 6-8 саатты түзөт деп айтылат.  

Кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү Бүткүл россиялык Борбордук аткаруу комитетинин 1917-жылдын 22-декабрындагы декрети менен пайда болгондугуна байланыштуу эл арасында «декрет» деп аталып калган.

Кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү – кош бойлуу аялдын наристесин төрөөгө чейин жумуштан кетиши. Өргүүгө кеткен аялга, тийиштүү документтерди тапшырган аялга Кыргызстанда кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул берилет. Алгачкы 10 жумуш күнүнө өргүүгө чыккан кызматкердин эмгек маянасынын 100 пайыз өлчөмүндө, 11 күндөн баштап ай сайын 10 эсептик көрсөткүчтө каражат төлөнөт. Өз убагындагы төрөттө 140 күнгө жөлөкпул берилет - 70 күнгө төрөткө чейин, 70 күнгө төрөттөн кийин. Мөөнөтүнөн эрте төрөт болсо, төлөнчү каражаттын суммасы көбөйөт.[11]

Бала багуу боюнча эмгек акы сакталбаган өргүү кызматкердин каалоосу боюнча баласы үч жашка толгонго чейин берилиши мүмкүн. Бала багуу боюнча өргүүнү баланын атасы, чоң энеси, чоң атасы, башка тууганы же баланы иш жүзүндө багып жаткан камкорчусу да толук же бөлүп-бөлүп пайдаланышы мүмкүн. Бала багуу үчүн өргүү учурунда иш орду (кызмат оруну) сакталат, өргүү убактысы жалпы иш тажрыйбасына, ошондой эле адистиги боюнча иш тажрыйбасына киргизилет.[12]

Алимент өндүрүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алимент (лат. alimentum “камсыздоо”) – ата-эненин бирөөсү экинчисине жашы жете элек баланы багууга милдеттүү түрдө төлөөчү акча каражаты. Ал ыктыярдуу же сот чечими аркылуу мажбур өндүрүлөт. Алимент – үй-бүлөнүн жумушка жарамсыз мүчөсүнөн бөлөк жашаган жакынынын мыйзам боюнча көрсөткөн материалдык камсыздоосу десе болот. Түрүн жана формасын ар бир өлкө өз алдынча аныктайт. Кыргызстанда алимент тууралуу эреже СССРдин мыйзамдарына ылайык иштеп келген. Эгемендүү Кыргыз Республикасында 1996-жылы Жарандык кодекс, 2003-жылы Үй-бүлө кодекси кабыл алынып, алимент тууралуу мыйзамга да бир топ өзгөртүүлөр киргизилген. Мисалы, 2020-жылы алимент төлөөдөн качкан жарандарга жоопкерчиликти күчөтүүчү нормалар киргизилген. Алименттин суммасын жубайлар өз алдынча макулдашып алса болот. Эгер ортодо макулдашуу болбосо, анда сот тарабынан алимент төлөөчүдөн ай сайын төмөнкүдөй суммада алимент өндүрүлөт.

  • Бир балага – кирешесинин төрттөн бири
  • Эки балага – кирешесинин үчтөн бири
  • Үч же андан көп балага – кирешесинин тең жарымы.[13]  

Репродуктивдик зомбулук – репродуктивдик ден соолукка байланыштуу чечимдерди кабыл алууга тоскоол болгон жүрүм-турумдардын жыйындысы. Репродуктивдик зомбулук  жубайы, интимдик же романтикалык өнөктөш, ата-энелер же кайын журт тарабынан да жасалышы мүмкүн.

Репродуктивдик зомбулуктун үч түрү бар, анын ичинде кош бойлуулукка мажбурлоо, котрацептивдик саботаж жана кош бойлуулуктун жыйынтыгын көзөмөлдөө. Изилдөөлөр репродуктивдик зомбулуктун негизги 2 түрүн аныктаган. Вербалдуу саботаж – контрацепттик каражаттарды колдонбоого оозеки же эмоционалдык басым жасоо. Жүрүм-турумдук саботаж – контрацепттик каражаттарды колдондурбоо үчүн күч колдонуу же өнөктөштү сактануусуз секске мажбурлоо.

Мураскерди төрөө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кээ бир маданияттарда репродуктивдик зомбулуктун бир түрү – мураскерди төрөө. Мураскер - адамдын тукумун улантуучу, андан калган мураска, мүлккө ээлик кылуучу адам - орун басар. Кээ бир маданияттарда мураскер катары уулдар каралат дагы эркек бала төрөгөнгө чейин аялга эмоционалдык жана физикалык зомбулук көрсөтүлөт. Бириккен Улуттар Уюму Түштүк, Түштүк-Чыгыш жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө кызга караганда уулга артыкчылык берилген көрүнүш сакталып келе жатканын белгилейт.[14] Кыргызстанда да кызга караганда уулга артыкчылык берген мамиле актуалдуу бойдон калууда.[15]  

Карын эне[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Карын энелик – аял башка ата-эненин уруктугун жатында өстүрүп, аларга наристе төрөп берүүсү. Эң алгач генетикалык материал (сперматозоиддер жана ооциттер) эмбрионду жаратуу үчүн ымыркайды жарыкка алып келүүчү адамга берилет. Карын энелик – аял бала төрөөнү каалабаган учурда же медициналык көз караштан караганда – төрөөгө мүмкүн болбогон, мисалы, төрөт аялдын ден соолугуна коркунуч туудурган учурда колдонулат. Же балалуу болууну каалаган жалгыз бой эркектин кыялын орундаткан ыкма. Карын энелик бир катар өлкөлөрдө, Кыргыз Республикасында дагы,  жардамчы репродуктивдик технология деп саналып, юридикалык жактан уруксат берилет. Кыргызстанда жарандар медициналык көрсөткүчтөр боюнча карын энелик ыкмасын пайдалануу аркылуу ата-эне болуу укугуна ээ. Жашы 20дан 40ка чейинки, өзүнүн жок дегенде бир биологиялык баласы бар, психикалык жана соматикалык жактан ден соолугу таза, медициналык-генетикалык консультациядан өткөн аял карын эне боло алат.[16]

Айрым өлкөлөрдө уруксат берилген эмес.

Чайлдфри кыймылы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чайлдфри[en] (англ. Childfree – “баладан эркин”) – балалуу болууну каалабаган жарандардын тандоосуна негизделген идеология. Тукумсуздук, же ар кандай оорудан улам, аргасыз балалуу болбоону чечүү чайлдфри деп эсептелбейт. Кээде чайлдфрилер деле балалуу болуп же бала багып алган учурлар кездешет. Башкысы, чайлдфри түшүнүгүн “чайлдхейт” (англ. Childhate – балдарды жек көргөндөр) түшүнүгү менен чаташтырбоо керек. Чайлдфрилер баланы жек көрбөй, балалуу болуудан улам жаралчу ар кандай чектөөлөрдү жактырбашы же башка идеологиялык себептерден улам балалуу болууну каалашпайт. 2000-жылдары Улуу Британияда Kidding Aside[en] аттуу активдүү чайлдфри кыймылы түзүлгөн. Улам популярдуу болуп баратканы менен, чайлдфри саясий салмакка ээ эмес. Кыргызстанда да анын тарапташтары бар. Мисалы, Мирлан мырза мындай дейт: “Балдар жашоонун маңызы дегенге кошулбайм, мен үчүн жашоонун маңызы – билим алуу”.[17]

Аборт жана аборт укугу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аборт (лат. abortus – бойдон алдыруу), кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотуу – бул медициналык кызматкерлер тарабынан медициналык же хирургиялык жол менен аткарыла турган жөнөкөй медициналык кийлигишүү.[18]. Заманбап медициналык стандарттарга ылайык, аборт кош бойлуулуктун 20 жумасына чейин жасалат. Кош бойлуулуктун мөөнөтү белгисиз болсо, анда түйүлдүктүн салмагы 400 грамм болгуча жасалууга тийиш.

2020-жылдын тогуздун айында Польшада аборт мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин нааразылык акциялары башталган.

Аборт коопсуз жана кооптуу болушу мүмкүн.[18] Коопсуз деп атайын билими бар адистин (врач, акушер, медайым) катышуусунда, сыноодон өткөн ыкманын жардамы менен жасалган аборт айтылат. Эгер аборт медициналык билими жана даярдыгы жок адам тарабынан, санитардык талаптарга жооп бербеген шартта жасалса же аны аял өзү жасаса кооптуу аборт деп эсептелет. Кооптуу аборт жылына дүйнө жүзүндө орточо 70 миң аялды өлүмгө жеткирип, 5 миллионго жакын аялды майып кылары айтылат.[19] Коопсуз абортто деле адамдын ден соолугуна тобокелдиктер бар, бирок көпчүлүк учурда аялдын ден соолугуна зыянын тийгизбейт. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, аялдарга коопсуз аборт жеткиликтүү болгон өлкөлөрдө аборттон каза болуу көрсөткүчү 100 000 адамга 1 каза болуудан ашпайт. Бириккен Улуттар Уюму өлкөлөрдү аялдарга коопсуз жана легалдуу аборт жасатууга шарт түзүүгө чакырып келет. Уюмдун эксперттери эгер легалдуу абортко тыюу салынса, анда аялдар кооптуу абортко ыктап, мунун айынан өмүрлөр кыйылышы мүмкүн деп эскертет.[20] Кыргызстанда абортка 1955-жылы уруксат берилген. Статистикалык маалыматтарда өлкөдө жылына 24-25 миң аборт жасалары айтылат.  

Прочойсер жана пролайферлер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Прочойс[en] (англ. Pro-choice – “тандоо укугу үчүн”) – аялдардын аборт жасатуу укугу үчүн күрөшкөн коомдук кыймыл. Кыймылдын тарапташтары прочойсер деп аталат. Прочойстун каршылашы же абортко каршы көз карашты карманган кыймыл – пролайф же пролайфер (“өмүрдү коргоо үчүн”) деп аталат. Пролайферлер абортту жактагандар аборттун легалдуулугу ата-энелердин жана балдардын жашоосуна оң таасир этет, анткени энелер жашыруун түрдө аборт кылууга, кооптуу жолдорго барышпайт дешет. Башкы аргумент катары “аялдын денеси, анын тагдыры жана өмүрү үчүн аялдын өзүнөн башка эч ким чечим чыгарбашы керек” деген пикирди карманышат. Ошондой эле эмбриондорго “төрөлбөй калган бала” деп мүнөздөмө берүүгө каршы болуп келишет. Ал эми пролайферлер эмбрион – бул адам, аны алып салуу адам өлтүрүү менен барабар деген позициядагы адамдар.   

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Cook, Rebecca J.; Mahmoud F. Fathalla. Advancing Reproductive Rights Beyond Cairo and Beijing (англ.) // International Family Planning Perspectives  (англ.)рус. : journal. — International Family Planning Perspectives, Vol. 22, No. 3, 1996. — September (vol. 22, no. 3). — P. 115—121. — doi:10.2307/2950752. — JSTOR 2950752
  2. Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
  3. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө” мыйзамы
  4. "Gender and reproductive rights" https://web.archive.org/web/20090726150133/http://www.who.int//reproductive-health/gender/index.html
  5. Freedman, Lynn P.; Stephen L. Isaacs. Human Rights and Reproductive Choice (англ.) // Studies in Family Planning  (англ.)рус. : journal. — Studies in Family Planning, Vol. 24, No. 1, 1993. — Jan. - Feb. (vol. 24, no. 1). — P. 18—30. — doi:10.2307/2939211.
  6. http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/313
  7. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө” мыйзамы. http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ky-kg/202181 Кирүү күнү: Жалган курандын 24, 2022.
  8. Савельева Г. М., Демидкин П. Н., Заичкина Т. С., Ильин И. В., Кнорре А. Г., Курносов К. М., Пыцкий В. И., Смольянинов В. М., Федорова Г. С. Беременность // Большая медицинская энциклопедия: в 30 т. / гл. ред. Б. В. Петровский. — 3-е изд. — М.: Советская энциклопедия, 1976.
  9. Вихляева Е. М., Кулаков В. И., Серов В. Н. ж.б.. ред. Г. М. Савельевой. Справочник по акушерству и гинекологии. — 1. — М.: Медицина, 1992. — С. 8—108. — 352 с. ISBN 5-225-02599-4.
  10. Кочемасова В. В. Родовспоможение // Большая медицинская энциклопедия: в 30 т. / гл. ред. Б. В. Петровский. — 3-е изд. — М.: Советская энциклопедия, 1984.
  11. Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министирлиги, https://mlsp.gov.kg/posobie-po-beremennosti-i-rodam/ Кирүү күнү: жалган курандын 24, 2022.
  12. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 18.01.2022 редакциясы, http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ky-kg/1505 Кирүү күнү, жалган курандын 24, 2022.
  13. Кыргыз Республикасынын үй-бүлө кодекси, 86-берене // http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ky-kg/1327 Кирген күнү: бугу айынын 25, 2022.
  14. БУУнун адам укуктары боюнча башкармалыгынын басма сөз катчысы Руперт Колвиллдин билдирүүсү, 2017-жыл, сентябрь. БУУ расмий сайты https://news.un.org/ru/audio/2017/08/1316262 Кирүү күнү: Бугу айынын 25, 2022.
  15. Үй-бүлө маселелери социологиянын күзгүсүндө, 352-б. Али Үнал, Б.:Maxprint 2015. ISBN 978-9967-04-658-0
  16. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө” мыйзамы   http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ky-kg/111859 Кирген күнү: бугу айынын 25, 2022.
  17. «Я не хочу иметь детей». Четыре истории о том, как кыргызстанцы становятся чайлдфри, Лекс Титова 2018.https://kloop.kg/blog/2018/07/12/ya-ne-hochu-imet-detej-chetyre-istorii-o-tom-kak-kyrgyzstantsy-stanovyatsya-chajldfri/
  18. 18.0 18.1 Аборт. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму расмий сайты https://www.who.int/ru/news-room/fact-sheets/detail/abortion Кирүү күнү: бугу айынын 25, 2022.
  19. Shah I., Ahman E. Unsafe abortion: global and regional incidence, trends, consequences, and challenges (англ.) // Journal of Obstetrics and Gynaecology Canada : journal. — 2009. — December (vol. 31, no. 12). — P. 1149—1158. https://pubmed.ncbi.nlm.nih.gov/20085681/
  20. В ООН призывают страны гарантировать женщинам право на безопасные и легальные аборты, (орус.) БУУ расмий сайты https://news.un.org/ru/story/2019/09/1363952  Кирүү күнү: бугу айынын 25, 202