Респираторлор

Википедия дан
Заманбап өнөр жайлык респиратор

Респираторлор — адамдын дем алуу органдарын чаңдан жана зыяндуу заттардан, өмүр үчүн коркунучтуу таасирлерден жекече сактанууда колдонулуучу түзүлүш.

Бир колдонулуучу респиратор

Согуш мезгилинде респираторлор дем алуу органдарын радиоактивдүү чаңдан жана аба аркылуу жугуучу инфекциянын козгогучтарынан сактоо үчүн пайдаланылат. Жөнөкөй шарттарда респираторлор аба өтө газдалганда же чаң басканда урунулат.

Бөлүнүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Респираторлор такыр өткөрбөгүч жана чыпкалагыч болуп экиге бөлүнөт. Респираторлор абада зыяндуу кошундулар көп болуп, кычкылтек жетишсиз учурда жана эл чарбасынын авариялык коргоо жумуштарын жүргүзүүде колдонулат.
Чыпкалагыч респираторлордун эң жөнөкөй түрүнө чаңга каршы ПТМ-1 кездеме маскасы жана кебез-даки таңгыч кирет. Бул маска менен таңгычты үй шарттарында эле жасап алса болот. Өнөр жайда ШБ-1 «Лепесток», Р-2, Р-2д жана башкалар кеңири белгилүү. Алар климаттык шарттарга, абанын булганышына, иштеген ишке жараша колдонулат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8