Мазмунга өтүү

Республика (партия)

Википедия дан
Республика

Партиянын логотиби
Төрөгасы

Мирлан Жээнчороев

Негиздеген

Өмүрбек Бабанов

Негизделген датасы

2010-жыл

Жоюлган датасы

2014 (Де-факто)

Өлкө

 Кыргызстан

Башкы кеңсеси

Бишкек

Идеологиясы

либерализм, парламентаризм

Сайты

respublika.kg

Хронологиясы

«Республика»Кыргызстандагы либералдык саясий партиясы.

Партия 2007-ж. 5-июнда түзүлгөн. 2010-ж. анын кезексиз съездинде жаңы лидери - Ө.Т. Бабанов шайланган, ошол эле жылдын 30-июнунда Ө.Бабанов Жогорку Кеңешке болгон шайлоодо «Респулика» партиянын катышуусу тууралуу расмий билдирүү жасаган.2010-ж. 10-октябрдагы парламенттик шайлоого катышкан 29 саясий партиянын ичинен төртүнчү орунду ээлеген бул партия 210 594 добуш менен, (6,93%) Жогорку кеңештен 23 депутаттык орунду «Респулика» партиясы алган. Өмүрбек Бабанов тарабынан 2010-жылдан 2014-жылга чейин партияны жетектеген. 2010-жылдын парламенттик шайлоо кампаниясы учурунда, «Республика» партиясы депутаттардын санын 120дан 75 чейин азайтуу демилгесин көтөргөн[1]. 2011-ж. декабрынан 2012-ж. августуна чейин партия лидери Ө.Бабанов өлкөнүн премьер-министри болуп, У.Ташбаевге окшогон Максим Бакиевдин досторун жогорку кызматтарга койгону менен коомчулуктун эсинде калган. 2014-жылы Ата-Журт партиясы менен биргеликте Республика-Ата-Журт блогунун курамына кирген[2]. Бирок бул блок 2020-жылы жоюулуп, партиялар өз алдынча иш алып барууга өтүшкөн.

2020-жылдын парламенттик шайлоо учурунда «Республика» партиясы 5,89% гана добуш алып, бир да мандатка ээ боло алган эмес (Нааразылык акцияларынан кийин бул шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган). Натыйжада «Республика» партиясы Кыргызстандын оппозиция түзгөн координациялык кеңешине кирген (де-факто 5 күндөн кийин кеңеш чачыраган).

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8