Рецидив

Википедия дан

РЕЦИВИД (лат. recidivus – кайра келген) – кылмыш-жаза укугунда өкүм аркылуу соттолгондугу алына элек же жоюлганга чейин жаңы кылмыш жасоо. Мыйзамга ылайык мындай учурда кылмышкерди жазалоо күчөтүлгөн тартипте өтөт. Соттолгондугу алынган же жоюлган учурда Рецидив каралбайт жана мындай аныктама Кыргызстандан тышкары Белоруссия, Өзбекстан ж. б. өлкөлөрдүн кылмыш-жаза кодексине киргизилген. Ал эми бул терминди колдонбогон өлкөлөрдө (мисалы, Германия, Польша, Франция ж. б.) өкүм чыгаруу учурунда эске алынат. Рецидид болгондугу карала турган болсо, анда анын жалпы жана атайын жагы аныкталууга тийиш. Түрдүү кылмыштар жасалса жалпы, окшош кылмыштар атайын жасалган кылмышка кирет.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Иванов Н. Г. Модельный уголовный кодекс. М.: 2003.