Ривьера

Википедия дан
Италия Ривьерасы.

РивьераЖер Ортолук деңиздин Франция, Италия жана Монаконун жээктериндеги тилкеси. Альп тоосунун этегинде. Узундугу Тулондон Специя шаарына чейин 370 км. Экиге бөлүнөт: Француз Ривьерасы (Көгүлтүр жээк) жана Италия Ривьерасы (Ривьера-Лигуре). Климаты субтропиктик. Кышы жумшак (январдын орточо температурасы 9-12°С), жайы ысык (июлдун орточо температурасы 24°С). Жылдык жаан-чачыны 500-700 мм. Бадалдар, токой тилкелери бар. Багбанчылык, жүзүм, гүл өстүрүү өнүккөн. Батыш Европанын сууга түшүү сезону узак, ири курорттуу аймагы. Негизги курорттору – Канн, Сен-Тропе, Ницца (Франция), Монте-Карло (Монако), Сан-Ремо, Рапалло (Италия). Ривьера деп, ошондой эле жер ортолук деңиздик климаттуу башка жээк зоналары да аталат, мисалы, Кара деңиздин Сочи шаары туштагы бөлүгү Кавказ Ривьерасы, Анталия аймагы – Түрк Ривьерасы, Калифорниянын жээк бөлүгү – Америка Ривьерасы ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]