Ризоктониоз

Википедия дан

Ризоктониоз - топурак мите козу карыны өсүмдүктүн тамырында жана сабактын түбүндө пайда кылуучу илдет.

Илдеттүү тамырга жылтырак боз так түшүи, тамыр солуп, чирий баштайт. Мите, козу карын топуракта көпкө сакталып, көбөйө берет. Картошка Ризоктониозу же кара чирик, сабиз, кызылча, гозо, ашкабак жана кайчылаш гүлдүү өсүмдүк Ризоктониозу өтө зыяндуу.

Күрөш чарасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Которуштуруп эгүү, кычкыл топуракты аки таштоо, орг. жер семирткич чачуу, үрөн себүү алдында топуракты жакшы иштөө, салаттуу үрөн себүү, парник топурагын фунгициддер менен дезинфекциялоо.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.