Рио-Колорадо
Көрүнүш
Рио-Колорадо (исп. Río Colorado) – Аргентинадагы дарыя. Патагониянын түндүгүндө. Узундугу 1200 кмден ашык, алабынын аянты 350 миң км2дей. Рио-Гранде жана Барранкас дарыясынын кошулушунан түзүлөт. Кургакчыл Патагония аймагында терең өрөөн боюнча агып, Атлантика океанынын Баия-Бланка булуңуна куярда дельтаны пайда кылат. Орточо чыгымы 140 м3/сек. Чатынан 320 кмге чейин кеме жүрөт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9