Риу-Бранку
Көрүнүш
Риу-Бранку (исп. Rio Branco) – Бразилиядагы дарыя. Риу-Негру дарыясынын сол куймасы (Амазонканын алабы). Узундугу 1300 км (Урарикуэрдин башатынан), алабынын аянты 195 миң км2дей. Гвиана бөксө тоосу жана Амазонка ойдуңу аркылуу агып өтөт. Орточо чыгымы 5400 м3/секдей. Суусу мол мезгилде кеме жүрөт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9