Рица коругу

Википедия дан

Рица коругу - Башкы Кавказ тоо кыркасынын түштүк тармагындагы корук. 300-2200 м бийикте.

Чоң Рица жана Кичи Рица көлдөрүн жана жаратылыш байлыгын коргоо үчүн 1957-ж. уюшулган. Аянты 16167 га (1974). Рица коругу кокту-колоттуу. Анда кадимки граб, Кавказ липасы, эмен, каштан, карагай, кайын ж. б. өсөт. Рица коругун бугу, элик, доңуз, суусар, улар, каракур ж. б. мекендейт. Чоң Рица колундо форель балыгы бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.