Риштан минералдуу суусу

Википедия дан

Риштан минералдуу суусу Баткен облусунун Кадамжай районундагы жылуу суу булактары чыккан жер. Риштан шаарчысынан 18км түштүк тарапта. Суу палеоген мезгилинде пайда болгон чөкмө тектердин арасындагы акиташ тектеринен булак түрүндө агып чыгат. Бургулоо көзөнөгүнөн да чыгарылган. Булактардын дебити 0,71 л/сек бургулоо көзөнөгүнөн чыккан суунуку 4 л/секга жетет. Суунун жалпы минералданышы 2,8-4,3 г/л, көмүр кычкыл газы 160 мг/л, йод 6,8 мг/л. Суу белгилүү Мацеста, Талга, Сергиев сууларына окшош. Киринүү жолу менен тери жана кызыл жүгүрүк ооруларын дарылоого болот.