Робин Уильямс

Википедия дан

Робин Мак-Лорин Уилямс (англ. Robin Williams;1951-жылдын 21-июлунда туулуп, 2014-жылдын 11-августунда каза болгон) - америкалык куудул жана актер. 1970-жылдардын ортосунда Сан-Томе жана Лос-Анжелес шаарларында стенд-ап (көрүүчүлөрдүн алдында жандуу номер аткарган) куудул катары чыгармачылыгын баштаган актер Сан-Францискодогу комедиялык жанрдын кайра жаралуусуна ири салым кошкондордун бир катары таанылган. "Морк и Минда" (англ. Mork in Mork & Mindy, 1978-82) комедиясында таанымал болгондон кийин стенд-ап комедияларына жана көркөм тасмаларге бирдей тартылган актер катары чыгармачылыгын түптөгөн. Ал импровизациялык (жаратуучулук) ыкмалары менен дагы белгилүү болгон.

"Попай" (англ. Popeye, 1980) тасмасынан кийин актер "Гарптын дүйнөсү( англ. The World According to Garp, 1982), "Кутмандуу таң" (англ. Good Morning), Въетнам (англ. Vietnam, 1987), "Каза болгон акындардын коомчулугу" (англ. Dead Poets Society, 1989), "Ойгонуу" (англ. Awakenings, 1990), "Падыша -балыкчы" (англ. The Fisher King, 1991), "Аладдин" (англ. Aladdin, 1992), "Акылдуу Уилл Хантиң" (англ. Good Will Hunting, 1997), жана "Сүрөт бир саатта" (англ. One Hour Photo, 2002) сыяктуу тасмаларда тартылган. Анын "Капитан Крюк" (англ. Hook, 1991), "Миссис Даутфайр" (англ. Mrs. Doubtfire, 1993), "Жуманжи" (англ. Jumanji, 1995), "Чымчыктын уясы" (англ. The Birdcage, 1996), "Музейдеги түн" (англ. Night at the Museum, 2006) жана "Дүйнөдөгү эң жакшы ата" (англ. World's Greatest Dad, 2009) тасмалари прокатта жакшы киреше алып келген.

Робин Уилямска 1997-жылы "Акылдуу Уилл Хантиң" (англ. Good Will Hunting) тасмасындагы Шон Мэгуайрдын ролу үчүн "экинчи пландагы эң мыкты актер" номинациясында "Оскар" сыйлыгы ыйгарылган Ал ошондой эле эки жолу ""Эмми" сыйлыгына, жети жолу "Алтын глобус" сыйлыгына, эки жолу АКШ киноактерлор Гильдиясынын сыйлыгына жана анын беш жолу "Грэмми" сыйлыгына татыктуу болгон.

Актер 2014-жылдын 11-августунда Калифорния штатындагы үйүндө өз жанын кыйган. Анын аялы актер деменция (паркинсон синдромунан) оорусунан тажап, өз жанын кыйды деп ойлогон.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]