Рогальский, Виктор Петрович

Википедия дан

Рогальский, Виктор Петрович (1934-ж.т., Оренбург облусу) – бургулоо инженери, техника илиминин кандидаты (1975). Свердлов тоо институнун геологиялык чалгындоо факультетин бүтүргөн (1957). Түштүк Кыргызстан геологиялык экспедициясынын геологиялык чалгындоо партияларында улук бургулоо мастери, бургулоо ишинин прорабы, техникалык жетекчиси, партиялардын башкы инженери, начальниги (1957–66), Экспедициясынын башкы инженери (1966–94). 1994-жылдан «Мамгеолагентствосунун» өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн начальниги болуп иштейт. Кыргыз Республикасынын ЖК депутаты (1990-95) болуп шайланган. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын геология кызматына эмгек сиңирген кызматкери (1994).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]