Рома (футбол клубу)

Википедия дан
Италия Рома
Толук
аталышы
Associazione Sportiva Roma SpA
Лакап аттары Giallorossi (Сары-кызылдар)
Lupi (Карышкырлар ) Romanista (Римдиктер)
Негизделген 1927 (89 жаш)
Стадиону Олимпико стадиону (Рим)
Президенти Америка Кошмо Штаттары Жеймс Паллотта
Машыктыруучусу Италия Лучано Спаллетти
Капитаны Италия Франческо Тотти
Рейтинги УЕФАнын рейтингинде 47-орунда
Сайты www.asroma.it
Мелдеш А Сериясы
2018/19 6-орун
Тариз
Негизги
формасы
Тариз
Коноктук
формасы
Тариз
Резервдик
формасы

«Рома» (итал. Associazione Sportiva Roma) — Рим шаарынын чыккан италиялык футбол клубу. Клубдун түстөрү: сары-кызыл. Үй оюндарын адатта, 72 698 киши батыра ала турган «Стадио Олимпико» стадионунда өткөрөт. «Рома» "Серия А" лигасынын 83 сезон катышып, бир жолу "Серия B" лигасында  ойногон (1951\52). Европа Клубдарынын Ассоциациясынын мүчөсү.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түзүлүшү жана алгачкы оюндар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Рома» футбол коому 1927-жылдын 22-июлунда, «Роман» ФК, «Альба-Аудаче» жана «Фортитудо-Про Рома» (алгач 5 команда эле — «Роман», «Альба», «Аудаче», «Фортитудо» и «Про Рома») аттуу үч рим футбол клубунан куралган. Бул демилгени фашистик партиянын лидерлеринин бири Итало Фоски  көтөргөн. Иштин максаты, ал убактагы түндүк италиялык — «Дженоа», «Торино», «Ювентус», «Интернационале» и «Болонья» командаларына татыктуу туруштук бере алган команда түзүү болчу. Жалгыз «Лацио» командасы  Джорджио Ваккаронун (клубдун президенти, милиция генералы) жардамы менен бул коомго кошулуудан арылып калган.  

«Рома» футбол клубунун 1929-1930-жж.курамы

«Рома» италиялык "Серия А" лигасынын 1929/30 сезонунда алгач катышып баштаган. Кийинки эле жылы экинчи орунду ээлеген (биринчи орунда «Ювентус» жайгашкан). Ошол убактагы «Романын» мыкты оюнчулары болуп: Гвидо Мазетти, Фульвио Бернардини, Родольфо Волк жана Аттилио Феррарис (капитан) аталган.

Алгачкы чемпиондук жана согуштан кийинки жол болбостуктар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Луиджи Барбезино жетекчилиги алдында, 1935/36 сезондо «Рома» чемпиондукка жакын келип, «Болоньяга» бир упай жетпей калган. "Серия А" лигасындагы биринчи жеңишке 1941/42 сезондо жетишкен. Команданы Альфред Шеффер жетектеп, мыкты бомбардир болуп жергиликтүү футболчу Амадео Амадеи аталган.

Согуштан кийинки жылдары, «Рома» турнирдик таблицанын төмөн жагына түшүп калып, 1950/51 сезондо "Серия А" лигасынан чыгып кеткен. Кийинки сезондо, «Рома» Джузеппе Вианинин жетекчилиги алдында "Серия В" лигасынан биринчи орунду ээлеп, "Серия А" лигасына кайтып келет. «Романын» тарыхында 1951/52 сезону, клубдун "Серия В" лигасына түшүп калган жалгыз сезон болуп саналат.

«Рома» "Серия А" лигасына кайтып келгенден кийин, Эджисто Пандольфини, Дино Да Коста жана Хельге Броне оюнчулары менен турнирдик таблицанын баш жагынан бекем орун алды. Эң ийгиликтүү сезон болуп 1954/55 аталган. Бул сезондо джалоросси Джесса Карвера аттуу АНГЛИЧАНИНДИН кол алдында үчүнчү орунду алган («Милан» менен «Удинезени» алдына 1-2-орундарга ээ болушкан). 1960/61 сезондо «Рома» финалда «Бирмингем Ситини» 4:2 эсеби менен утуп, биринчи жолу Ярмарка Кубогун утуп алган (азыр Кубок УЕФА). Бир нече жылдан кийин (1963/64 сезондо) «Торинону» 1:0 эсеби менен жеңип, биринчи жолу Италиянын Кубогуна ээ болгон.

1965-1968-жж. Романын президенти - Франко Эванжелисти (1963-жыл)

1964/65 сезондо, команданын башкы машыктыруучусу Хуан Карлос Лоренсо, клуб өзүнүн оюнчуларына төлөй албай тургандыгын жана Виченцада өтө турган кийинки беттешүүгө бара албай тургандыгы тууралы жарыялаган. Команданын күйөрмандары, САДАГА чогултушуп колдоп турушкан. Франко Эванжелисти клубдун жаңы президенти болуп шайлангандан кийин банкроттуктан куткарылышкан.

1968/69 сезондо экинчи жолу Италия Кубогуна ээ болушуп, кийинки жылы үчүнчү кубокту утушкан. 1969-жылы Джакомо Лози бардык мелдеште  — 450 матч өткөрүп, клубдун рекордун коет. Бул рекорд 38 жыл бою сакталып, 2007 - жылы Франческо Тотти ал рекордду жаңылайт.

90-жылдардагы экинчи чемпиондук[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Романын» күчтүү болгон тарых барактарынын жаңы бети болуп, 1979/80 сезондо уткан Италия Кубогу саналат. Финалда «Торинону» пенальти менен уткан. 1980/81 сезондо джалоросси «Ювентустан» артта калып экинчи орунду ээлесе, кийинки жылы «Ювентус» менен «Фиорентинанын» алдына кое берип үчүнчү орунду алат. Ошол убактагы клубдун машыктыруучусу Нильс Лидхольм («Миландын» мурдагы оюнчусу). Анын колунан Бруно Конти, Агостино Ди Бартоломеи, Роберто Пруццо жана Фалькао сыяктуу мыкты оюнчулар өткөн.

Кийинки жылы (1982/83 сезондо), 41 жыл өткөн соң «Рома» экинчи скудеттосун утат. Кийинки сезондо экинчи орунда калып, бирок, Италия Кубогуна ээ болуп, Чемпиондор Лигасынын финалына чейин жетет. Финалда АНГЛИЯЛЫК «Ливерпуль» менен 1:1 эсебинде тең чыгып,  (у «Ромы» отличился Пруццо), бирок пенальтилер сериясында жеңилип калышат. 80-жылдардага ийгиликтер — 1985-86-жылдардагы чемпионаттагы экинчи орун, Кубок Италиядагы биринчи оруну менен аяктайт. 

Кийинки жылдары "Серия А" лигасында кыйла ылдый төмөндөө башталат. 1987/88 сезондо үчүнчү орунга араң илинет. 1991-жылы «Рома»УЕФА Кубогунун финалына чейин жетип, италиялык «Интерге» — 2:1 эсебинде утулуп калат. Ошол эле сезондо Италия Кубогун жетинчи жолуп утуп, Суперкубокко болгон беттеште «Сампдорияга» утулуп калат. 1993-жылы клубдун башчылыгына Франко Сенси келип, ошону менен он жылдыктын аягына чейин жогорку ийгиликтерге жетише албай, 1997/98 сезондо гана төртүнчү орунду ээлейт. 90-жылдардын башында, командада  Франческо Тотти аттуу оюнчу пайда болот. Ал азыркы убакка чейин команданын капитаны жана клубдун негизги оюнчулары болуп саналат.

Жаңы миң жылдык[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Романын» скудеттону уткандыгы үчүн үйдүн дубалындагы тартылган сүрөт
.

2000-жылдардын башында, «Рома» Фабио Капеллонун жетекчилиги менен үчүнчү скудеттосун утат (2000/01 сезон). Чемпионаттын тагдыры эң акыркы турда чечилет. 2001-жылы 17-июнда «Рома» «Парманы» 3:1 эсебинде утуп, чемпион болот («Ювентустан» 2 упай алдыда). Команданын капитан Франческо Тотти, клубдун тарыхында көптөгөн рекорддорду коюп эң каармандык оюнчусу болуп калат. Ошол убактын башка маанилүү оюнчулары: Алдаир, Кафу, Габриэль Батистута жана Винченцо Монтелла.

Лучано Спаллетти «Романын» 2005-2009-жж. машыктыруучусу.

Джалоросси кийинки сезондо титулун коргой албай, лигада экинчи орун менен аяктады («Ювентуска» 1 упай жетпей калган). Мындан кийин «Рома» дагы бир нече жолу олжого бир кадам жетпей калган учурлар болгон. Ал Италия Кубогунун финалында (2002/03-сезону) «Миланга» 4:2 эсебинде утулган. Кийинки эле сезондо (2003/04-сезону) «Миланга» чемпионат алкагында утулуп, экинчи орунга ээ болгон. 

Капелло «Ювентус» клубуна өткөндө, джалороссиде машыктыруучулар менен бир катар маселелер болду. Айтсак, Чезаре Пранделли үй-бүлөөлүк жагдайларга байланыштуу 2004/2005-сезондо «Романы»  таштап кеткен. Клубдун жетекчилиги башкы машыктыруучу кылып Руди Фёллер аттуу немец адисин койгон. Бирок, ал бир айдан кийин эле кызматтан четтетилген. Көп өтпөй «Рома» Луиджи Дельнерини башкы машыктыруучу ордуна алып, жарым жыл өтпөй төртүнчү тренер болуп Бруно Конти келген.

Кийини сезондо римдиктердин жаңы машыктыруучусу болгон Лучано Спаллетти клубду чемпионатта бешинчи орунга алып келген. Ошол эле сезондо италиялык футболдо 2006-жылы болгон коррупциялык жаңжалдан кийин «Рома» экинчи орунга чейин көтөрүлгөн (2005/06-сезон). Экинчи орун аларга кийинки жылы Чемпиондор Лигасында ойноого мүмкүнчүлүк берген. 2006/07 - сезондо Италя Кубогунун финалында «Интерге» утулуп калган. Кийинки сезондордо джалоросси турнирдик таблица өздөрүн лидерлик орундарда бекемдеп, Италия Кубогун эки ирет утуп, а башкы машыктыруучусу өлкөнүн эң мыкты тренери наамына ээ болгон. Бул он жылдык римдиктердин тарыхында эң мыкты жылдар болуп саналат. 2008 - жылы «Романын» президенти болгон Франко Сенси дүйнөдөн кайткандан кийин, ордун өз кызы болгон Розелла Сенси ээлеп калат.

Спалетти төртүнчү жылы башкы машыктыруучунун ордунда, сезонду башындага оюндарды уттуруп жиберип, кызматтан бошотулган. Римдиктерди куткаруу максатында «Ювентустун» мурдагы машыктыруучусу болгон Клаудио Раньерини кызматка чакырышат. Ал клубду кайра еврокубоктор зонасына алып келди. А сезондун аягында ошол жылы чемпион болгон «Интердин» алдына чыгып калайын деген. Клуб Раньери менен контрактты 2013-жылга чейин созду. 2010-жылы 8-июлда Розелла Сенси финансалык абалга байланыштуу клубду 325 млн еврого сатайын деп чечим чыгарат. Сатып алуучулар болуп, негизинен үч жак саналат: 1) Америкалык бизнесмендер. 2) Араб шейхтери. 3) Сатып алуучунун каалоосу боюнча үчүнчү жактын аты-жөнү айтылбайт. 

 «Романын» легендарлуу капитаны Франческо Тотти Италия Кубогу менен 2007/08 - сезондо

2011-жылы Розелла Сенси отставкага кетип, команданы америкалык акционерлер сатып алышат. Томасом ДиБенедетто клубдун жаңы президенти болот. Жаңы Новый кожоюн клубдун карыздарын төлөп, инфраструктурага жана команданын трансферлерине акча бөлүп берет. «Рома» «Дженоанын» талаасында болгон оюнунда 3:0 эсебинде утуп жатып, «Дженоага» уттуруп жибергени үчүн Раньери 2011-жылы февралдын аягында  кызматтан бошотулат. Жылдын аягына чейин клубдун машыктыруучусу болуп, клубдун тарыхындагы эң мыкты бомбардири болгон Винченцо Монтелла иштейт. Көп өтпөй ал «Катанияга» кетет.

Сезон аякташы менен жаңы машыктыруучу кылып Луиса Энрикени тандашат. Команда жаш оюнчуларга көңүл көп буруп башташат да(Ламелу, Борини ж.б.), ветерандарды сатышат(Тони, Лобонца). Кетүүнү каалабагандар оюнга кээде чыгышат. Луисе Энрикенин алдында клуб акыркы 7 жыл ичинде болгон эң төмөн көрсөткүчкө жетишет. Ошону менен «Рома» еврокубоктор зонасына чыкпай калат. Команда Европа Лигасында болгон оюнда словактык «Слован» клубуна утулуп, сезонду толук жеңилүү менен аяктайт.

Бир катар ийгиликсиз оюндардан кийин испандык машыктыруучуну жумуштан алып, анын ордуна Зденек Земанды коюшат. Ал 1997-99-жж. жылдырда команданы башкарган. Команда жаш оюнчуларды машыкытыруу багытында кете берет. Жетекчилик жаңы стадион курулушун жарыялайт. Клубдун иштерине резиденттинколу тийбегендигине байланыштуу жаңы президент болуп Жеймс Паллота келет. 

Земан команданын коргоо оюнун эске албай, чабуул оюнуна көп көңүл бурат. Романын оюну жакшы болбойт. Голдор каршылаштарынын дарбазасына канчалык көп кирсе, ошончолук өздөрүнүн дарбазасына да көп кирет. Бирок, команда эң көп гол киргизген командага айланат. 22-турдан кийин «Рома» 8-орунга түшөт. Земанды ордунан кетирүү суроосу чечилип, ага дагы бир жолу мүмкүнчүлүк берилет. Бирок, 23-турда эле «Рома» «Кальяри» менен болгон оюнда, өздөрүнүн талаасынан 4 гол киргиздирип, жеңилип калышат. Мындан соң жетекчилик Земан менен түзүлгөн контрактты жокко чыгарышат. Сезондун аягана чейин Аурелио Андреадзоли команданын машыктыруучусу болуп калат.

Команданын азыркы курамы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчу Өлкө Туулган датасы Мурунку клубу
Дарбазачылар
1 Богдан Лобонц 18-январь 1978 (38 жаш) Динамо (Бухарест)
25 Войцех Щенсный 18-апрель 1990 (25 жаш) Арсеналдан ижарага алынган
26 Морган Де Санктис 26-март 1977 (38 жаш) Наполи
Коргоочулар
2 Антонио Рюдигер 3-март 1993 (22 жаш) Штутгарттан ижарага алынган
3 Люка Динь 20-июль 1993 (22 жаш) ПСЖ дан ижарага алынган
5 Леандро Кастан 5-ноябрь 1986 (29 жаш) Коринтианс
13 Майкон 26-июль 1981 (34 жаш) Манчестер Сити
23 Норберт Дьомбер 3-июль 1992 (23 жаш) Катаниядан ижарага алынган
33 Эмерсон Палмери 3-август 1994 (21 жаш) Сантостон ижарага алынган
35 Василис Торосидис 10-июнь 1985 (30 жаш) Олимпиакос (Пирей)
44 Костас Манолас 14-июнь 1991 (24 жаш) Олимпиакос (Пирей)
Жарым коргоочулар
4 Раджа Наингголан 4-май 1988 (27 жаш) Кальяри
6 Кевин Стротман 13-февраль 1990 (25 жаш) ПСВ
15 Миралем Пьянич 2-апрель 1990 (25 жаш) Олимпик Лион
16 Даниэле Де Росси 24-июль 1983 (32 жаш) Клубдун тарбиялануучусу
20 Сейду Кейта 16-январь 1980 (36 жаш) Валенсия
21 Вильям Венкёр 19-ноябрь 1988 (27 жаш) Динамо (Москва)
24 Алессандро Флоренци 11-март 1991 (24 жаш) Клубдун тарбиялануучусу
48 Салих Учан 6-январь 1994 (22 жаш) Фенербахчеден ижарага алынган
- Жерсон 20-май 1997 (18 жаш) Флуминенсе
Чабуулчулар
9 Эдин Джеко 17-март 1986 (29 жаш) Манчестер Сити
10 Франческо Тотти 27-сентябрь 1976 (39 жаш) Клубдун тарбиялануучусу
11 Мохаммед Салах 15-июнь 1992 (23 жаш) Челси
14 Яго Фальке 4-январь 1990 (26 жаш) Дженоа
18 Эсекьель Понсе 29-март 1997 (18 жаш) Ньюэллс Олд Бойз
22 Стефан Эль-Шаарави 27-октябрь 1992 (23 жаш) Миландан ижарага алынган
88 Сейду Думбия 31-декабрь 1987 (28 жаш) ЦСКА (Москва)
97 Садик Умар 2-февраль 1997 (18 жаш) Специя