Рынок экономикасы

Википедия дан

Рынок экономикасы – эркин ишкердик принциптерине, өндүрүш каражаттарына болгон менчиктин көп формалуулугуна, рыноктун баа чыгарууга, атаандаштыкка жана чарбалык субъектилердин ортосундагы өз ара келишимдерге, мамилелерге негизделген экономика; мында ар кандай ишкерликке мамлекеттин кийлигишүүсү чектелген. Деги эле Рынок экономикасы деп рынок механизмдери менен жөнгө салынган коомдогу экономикалык мамилелердин жыйындысын түшүнөбүз, б. а. чарбалык турмушту башкаруу жана координациялоо түздөн-түз эркин атаандаштыкка негизделген рынок системасы (баа, пайда, чыгаша) аркылуу жөнгө салынат. Рынок экономикасында жумушчу күчү, капитал, товар жана тейлөө дайыма эркин өкүм сүрөт Рынок экономикасынын тушунда мезгил-мезгили менен кайталануучу инфляциянын болушу рынок механизмдеринин толук кандуу иштөөсүнө тоскоол болот. Товардын керектөөдөн ашыкча өндүрүлүшү – Рынок экономикасыда дайыма болуп туруучу көрүнүш. Рынок экономикасында жумушсуздук өндүрүштүн туруктуу өнүгүшүнө дайыма кедерги болот, ошондуктан мындай учурда мамлекет өзүнүн ички экономикалык рычагдарын колдонуу аркылуу өкмөттүк ж. б. чыгымдарды азайтып, ички салык жана акча-кредит саясатын жөнгө салат, ошондой эле тышкы экономикалык байланыштарга жол ачат.[1]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Базар экономикасы: бул эмне, негизги белгилери