Рыскулова Какиш

Википедия дан
Рыскулова Какиш Рыскуловна

Рыскулова Какиш Рыскуловна (15. 10. 1918-жылы туулган, Чүй облусу, Кант району, Четинди айылы – 27.08.2018) – хирург, медицина илимдеринин доктору (1967), профессор (1968). Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын академиги (1969), корреспондент мүчөсү (1954), Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген врачы (1957), илимге эмгек сиңирген ишмери(1980)болгон. Буткул орто Азияда жана Казахстандагы биринчи аял-хирург жана академик.

Какиш Рыскулова дыйкандын уй-булосундо туулган, корунуктуу окумуштуу Ишеналы Арабаевдин жээни болгон. Атасы Саралаев Рыскул (1879 т.) жана апасы Саралаева Жумагул (1902) ТОЗдун мучолору жана Четинди колхозунун артельдери болгон. Саралаевтердин уй-булосундо торт бала болгон: Какиш, Канымжан, Бекиш жана Бейшенгул.

1938-ж. Фрунзе шаарындагы медицина окуу жайын, Кыргыз Мамлекеттик Медицина институтун (1944), ошол эле жерде аспирантураны (1949) бүтүргөн. Кыргыз Мамлекеттик Медицина институтунда ассистент (1949–62), доцент (1962–67), 1967-жылдан кафедра башчысы, ректордун кеңешчиси болуп иштеген. Анын илимий эмгектери ампутация учурунда кесилген нервдерди тазалап, алардын сезгичтигин калыбына келтирүү, кан тамырларды тигүү, улаштыруу ыкмаларын өздөштүрүү, ошондой эле карын, он эки эли ичеги, эхинококкозду хирург. жол менен дарылоого арналган.

Кыргыз ССР Жогорку Советинин 3 жолку депутаты, Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрөгасынын орун басары (1957–67), Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын Президиумунун мүчөсү (1969–74), Республиканын хирургия жана гастроэнтерология илимий коомунун төрөгасынын орун басары болуп иштеген. .

Коомдук-саясий ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Какиш Рыскулова кесипкөй илимий жана медициналык ишмердүүлүктөн тышкары Фрунзе шаардык кеңешинин эл депутаты, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин үч чакырылышынын депутаты катары коомдук-саясий иштерге да жигердүү катышкан. Кыргыз ССР Жогорку Советинин V жана VI чакырылыштагы Президиумунун төрагасынын штаттан тышкаркы орун басары болуп иштеген (1959-1967). Кыргызстан Компартиясынын XII съездинде Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин мүчөлүгүнө шайланган.

Сыйлыктары жана наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1951-жылы кандидаттык диссертациясын, 1967-жылы Москвада докторлук диссертациясын жактаган. 1968-жылы ага профессор наамы ыйгарылган.

Какиш Рыскулованын 250дөн ашык илимий эмгеги, 13 монографиясы, 11 ойлоп табуусу чыккан, 47 рационализатордук сунуш берген, 4 окуу китеби жарык көргөн.Ленин, 3-даражадагы Манас, 2 «Ардак Белгиси» ордендери, «Даңк» ж. б. медалдар менен сыйланган.

Негизги эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1. Кандын уюшу жана табигый гипоксияга ыңгайлашуу. Ленинград, “Наука”, 1983-ж.

2. Холецистектомия жөнүндө эмнелерди билебиз? Илимий-популярдуу китеп (авторлош). Бишкек, “Кыргызстан”, 1990-ж.

3. Ашказан жарасынын жана он эки эли ичегинин жарасынын клиникалык-иммунологиялык өңүттөрү (авторлош). Бишкек, “Учкун”, 1995-ж.

4. Ашказанды резекциялоодон кийинки бейтаптардын клиникалык-функционалдык жана морфологиялык мүнөздөмөлөрү жана ашказан жарасынын авготомиясы (авторлош). Бишкек, “Учкун”, 1998-ж.

5. Тандалып алынган эмгектер. Бишкек, “Учкун”, 1998-ж.

Адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]