Рычагдуу механизм

Википедия дан

Рычагдуу механизм - беттери тийишкен кинематикалык түгойлөргө бириккен звенолордон (рычагдардан) турган механизм.

Беттешип турган эки звенонун бир бирине карата кыймылдуу болгондой бириктирилиши кинематикалык тугой деп аталат. Рычагдуу механизмдер жалпак жана мейкиндиктүү болот. Жалпак Рычагдуу механизмде звенолор бири менен бири айлана боюнча (шарнирдүү, айланма) жана сызык боюнча (алга жьшма түгөйлөр) тийишип турат. Мейкиндиктүү Рычагдуу механизмдин звенолору өз ара цилиндрлик же сфералык беттер боюнча (айланма түгөйлөр) жана тегиздик боюнча (алга жылма түгөйлөр) бириктирилет.

Көп учурда тех. адабиятта Рычагдуу механизм стержендүү-шарнирдүү механизм деп аталат. Буларга кулисалуу жана кривошиптүү-кулисалуу механизмдер да кирет. Муштумчалуу жана тиштүү механизмдерге Караганда Рычагдуу механизм оңой жасалат, өзү бекем болуп, көпкө жешилбейт. Ошондуктан Рычагдуу механизм пресете, ичинен куймө кыймылдаткычта, жүктөгүчтөрдө ж. б-да колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.