Рэкетир (тасма)

Википедия дан
Рэкетир (фильм)‎»‎ барагынан багытталды)
Рэкетир
Рэкетир
Урааны

«За всё придётся платить»

Жанры

Криминалдык драма, Боевик

Режиссёру

Акан Сатаев

Продюсери

Акан Сатаев

Сценарийдин
автору

Тимур Жаксылыков

Башкы ролдордо

Саят Исембаев
Мурат Бисембин
Жан Байжанбаев
Асель Сагатова
Владимир Вдовиченков
Ментай Утепбергенов
Толепберген Байсакалов

Оператору

Хасанбек Кыдыралиев

Композитору

Андрей Лифинский

Кинокомпания

SATAIFILM

Узактыгы

80 мүнөт

Бюджети

800 миң $

Кирешеси

1,2 млн. $

Өлкө

 Казакстан

Тили

Орусча, Казакча

Жылы

2007

IMDb

ID 1677719

«Рэкетир» — 2007 жылы режиссёр Акан Сатаев тарабынан тартылган.криминалдык драма жанрындагы көркөм тасма.

Мазмуну[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Саян Беккаримов жашоо сүртүмдөрүн өзү баяндап берип отурат. Ал Алматыда советтик интеллигенттердин үй-бүлөсүндө туулуп-өскөн жөнөкөй жигит. Келечектен көптү үмүттөндүргөн мушкер окуусун таштап, ийгиликке өзүнүн муштуму менен жетүүнү ойлоп, жергиликтүү кылмыш чөйрөсүнө аралашат. Жеке соодагерлерден акча өндүрүү, тоноо анын ишмердүүлүгүнө айланат. Бир күнү бул жашоодо ар бир кылганы үчүн жооп бериши керектигин түшүнөт. Бирок кандай жол менен, өмүрү мененби?.. Үйүнүн алдынан бейтааныш үчөө Саянга бычак малып, кансыратып таштап кетет. Ошондо мушкер: «Баары бүттү, менин жашоом мына ушундай. Эч кандай өзгөчөлүк жок. Билбейм, эгер мага дагы бир жолу өмүр сүргөнгө мүмкүнчүлүк берилсе башкача жашамак белем, айта албайм. Бирок баары кеч. Апамды аяйм, ал ыйлайт да. Суук боло баштады. Азыр көзүм жумулат», -деген сөзү менен биринчи бөлүм соӊуна чыгат. Мында башкы каармандын каза тапканы ачык көрсөтүлбөгөнү менен тагдыр экинчи өмүр тартуулап, адилеттүү жаза алганга мүмкүнчүлүк берет. Анын жашоосу кайра «Рэкетир-2: Өткөн өзүнүн өчүн алат» («Рэкетир-2: Прошлое не отступит») тасмасында уланат.

Тасма тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Рэкетир» фильми 2007-жылы популярдуулукка ээ болуп, Казакстанда 4 миллионго чукул көрүүчү чогулткан. Мындан тышкары Кыргызстан, Орусиянын кинотеатрларына прокатка коюлган. Эл аралык «Евразия» кинофестивалында көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгү сыйлыгына татып, Казакстандагы Кинематографисттер союзунун «Жылдын мыкты тасмасы» наамын алган.

Башкы ролдордо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Актёр Роль
Саят Исембаев Саян Саян
Мурат Бисембин Руслан Руслан
Асель Сагатова Асель Асель
Сакен Аминов Аман Аман
Ментай Утепбергенов Жана партнёру
Владимир Вдовиченков Володя Володя
Болат Калымбетов Абу Абу
Жанат Байжанбаев Жана ролунда

Саундтреги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. «Умеешь? Делай!» — Миша Маваши
  2. «Был пацан» — Лесоповал
  3. «Sometimes» — My Bloody Valentine
  4. «Владимирский централ» — Михаил Круг
  5. «Пили Водочку» — Александр Дюмин
  6. «Джазовая тема» — Миша Маваши
  7. «Кореш» — Мафик
  8. «Кент» — Мафик
  9. «Братуха» — Мафик
  10. «А мы вчера на Южном Буге пили водочку» — Анатолий Корж
  11. «Базара нет» — Сергей Грубов
  12. «Piggybank» — 50 Cent
  13. «Dream Machine» — Tesla Boy
  14. «Руслан, братан!» — Various Artists
  15. «Metiss» — Без сна
  16. "Джулия" - А-Студио
  17. "Лети" - Парвиз Назаров

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]