Рэкетир 2

Википедия дан
Рэкетир 2
Рэкетир 2: Возмездие
Урааны

«Прошлое не отступит»
кырг. «Өткөн өзүнүн өчүн алат»

Жанры

Криминалдык драма, Боевик

Режиссёру

Акан Сатаев

Продюсери

Акан Сатаев

Сценарийдин
автору

Тимур Жаксылыков

Башкы ролдордо

Аружан Жазылбекова
Асел Сагатова
Аян Утепберген
Фархад Абдраимов
Саят Исембаев
Жан Байжанбаев
Азамат Сатыбалды
Дастен Шакиро

Оператору

Хасанбек Кыдыралиев

Кинокомпания

SATAIFILM

Узактыгы

105 мүнөт

Бюджети

700 000 $

Өлкө

 Казакстан

Тили

Орусча, Казакча

Жылы

2015

IMDb

ID 4293004

«Рэкетир 2» — Режиссёр Акан Сатаев тарабынан 2015 жылы тартылган,криминалдык драма жанрындагы казак көркөм тасмасы.Тасманын 1 бөлүгү 2007 жылы Рэкетир аталышында тартылган.

Мазмуну[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Рэкетир» тасмасынын башкы каарманы Саян Беккаримов жашоо сүртүмдөрүн өзү баяндап берет. Ал Алматыда советтик интеллигенттердин үй-бүлөсүндө туулуп-өскөн жөнөкөй жигит. Келечектен көптү үмүттөндүргөн мушкер окуусун таштап, ийгиликке өзүнүн муштуму менен жетүүнү ойлоп, жергиликтүү кылмыш чөйрөсүнө аралашат. Жеке соодагерлерден акча өндүрүү, тоноо анын ишмердүүлүгүнө айланат. Бир күнү бул жашоодо ар бир кылганы үчүн жооп бериши керектигин түшүнөт. Бирок кандай жол менен, өмүрү мененби?..

Үйүнүн алдынан бейтааныш үчөө Саянга бычак малып, кансыратып таштап кетет. Ошондо мушкер: «Баары бүттү, менин жашоом мына ушундай. Эч кандай өзгөчөлүк жок. Билбейм, эгер мага дагы бир жолу өмүр сүргөнгө мүмкүнчүлүк берилсе башкача жашамак белем, айта албайм. Бирок баары кеч. Апамды аяйм, ал ыйлайт да. Суук боло баштады. Азыр көзүм жумулат», -деген сөзү менен биринчи бөлүм соӊуна чыгат. Мында башкы каармандын каза тапканы ачык көрсөтүлбөгөнү менен тагдыр экинчи өмүр тартуулап, адилеттүү жаза алганга мүмкүнчүлүк берет. Анын жашоосу «Рэкетир-2: Өткөн өзүнүн өчүн алат» («Рэкетир-2: Прошлое не отступит») тасмасында уланат.

  • «Рэкетир 2» - Жаӊы тасманын сюжети боюнча кримтөбөл Русландын трагедиялуу өлүмүнөн кийинки 10 жыл өткөнү баяндалат. Анын жакын жардамчысы, өлүмдөн аман калган Саян эски «ишмердүүлүгүнөн» оолактап, жаӊы жашоо баштайт. Күтүлбөгөн жерден ага Русландын иниси Була келип, агасынын өчүн алуу сунушун айтат. Саян баш тартат. Ошентип Була агасынын өлүмүнө тиешеси барлардан өч алууга жалгыз киришет. Тайманбаган жигит жалгыз көздөгөн максатына жакындап калганда, жолунда таш боор өлтүргүч пайда болот. Ал эми Саянда эки чечимдин бирөөсүн кабыл алышы керек болгон оор кырдаал түзүлөт. Булага жардам берүү же жашоосун көлөкөнүн астында улантуу...

Тасма тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2014-жылы режиссёр Акан Сатаев чуу көтөргөн бул фильмдин экинчи бөлүмүн тартууга бел байлайт. Тартуу иштери Астана, Алматы, Чымкент жана Карагандада орун алган. Криминалдык драманын уландысына белгилүү актриса Асел Сагатованын уулу Алдияр да тартылган. Биринчи бөлүгүндө актриса башкы каарман Саяндын сүйүктүүсүнүн образын жараткан эле .Ал кичинекей актёр уулу тууралуу төмөнкүлөрдү билдирген.

«Менин уулум алты айлык кезинде биринчи жолу тасмага тартылды. Ал менин каарманымдын баласынын ролун ойноду. Тартуу аянтчасында кичинекей актёр бардыгы менен достошуп, баарына жылмайып, бир жолу да чырдаган жок. Эми аны чоӊ кинотеатрларда көрүп суктана алабыз. Баламдын кинодогу дебюту анын келечектеги кесиби экенинен кабар бербейт. Уулум өзүнө жаккан кесипти тандайт»

.

Ал эми Саят Исембаев тасма тууралуу:

«Мен биринчи бөлүгүндө оор жаракат алып, кансырап жатып калганыма байланыштуу тасманын уландысында арабага отургузуп коюуну каалашкан. Режиссёр менен талкуулагандан кийин Саянды ден соолугу чыӊ бойдон калтыруу чечими чыкты. Ошентип уландысында каарманым салмак кошуп алып аткарат, бирок режиссёр менден арыктоону суранган эле»

.

Башкы ролдордо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Аружан Жазылбекова
  • Асел Сағатова
  • Аян Утепберген
  • Фархад Абдраимов
  • Саят Исембаев
  • Жан Байжанбаев
  • Азамат Сатыбалды
  • Дастен Шакиров

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]