Сабат ачуу

Википедия дан

Сабат ачуу –баланы окууга, жазууга, эсептөөгө өз алдынча мамиле кылууга, чөйрөнү таанып-билүүгө, сөз байлыгын өстүрүүгө, өз сөзүн (аңгемесин, баяндамасын) оозеки ж-а жазуу жүзүндө түзө билүүгө үйрөтүү.

Бул учурдагы негизги нерсе – баланын ой жүгүртүүсүн, көңүл буруусун, жоопкерчилигин калыптан-дыруу, б. а., баланын өзүн өстүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Сабат ачуу алиппеге чейинки даярдоо, алиппе мезгили, алиппеден кийинки мезгил болуп 3 баскычтан турат. Алиппеге чейинки даярдоо мезгилинде сүрөттөр аркылуу баланын сөзү-кеби өстүрүлүп, айлана-чөйрөсү, таанып-билүү каражаттары аркылуу адам-дардын сүйлөшүүлөрүн, кебин сүй-лөмдөргө, сүйлөмдөрдү сөздөргө, сөздөрдү муундарга, муундарды тыбыштарга ажыратып, ал тыбыш-тарды туура угуп, айта билүүгө машыктырылат. Сөздөгү тыбыштар-дын орду, ирети сүйлөшүүдө зор мааниге ээ экендигине басым жасалып үйрөтүлөт. Ошондуктан даярдоо мезгилиндеги окутуу методу – сөздөрдү тамгасыз белгилер аркылуу тыбыштык-муундук талдоо-жыйноо. Бул мезгилде окуучу сөздөрдү муундарга туура ажырата билүүнү, тыбыштарды туура угууну жакшы өздөштүрүүгө тийиш.

Тыбыштык талдоодо тамгасыз белгилер аркылуу (кызыл, көк, жашыл тегерекчелер же чарчылар) сөздөргө талдоо-жыйноо жүргүзүү биринчи класстын окуучуларынын курактык өзгөчөлүгүн эске алуудан келип чыккан. Үндүүлөр кызыл, жумшак үнсүздөр жашыл, каткалаң үнсүздөр көк чарчылар м-н белгиленет. Тыбыштарды чарчы м-н белгилөөдөгү эң оор нерсенин бири созулмалар, алардын эки тамга аркылуу белгилениши. Тыбыштык талдоо учурунда буга өзгөчө көңүл буруу керек. Үндүүлөр м-н тааныштыруу даярдоо мезгилинде, б. а. экинчи баскычта жүргүзүлөт. Үндүүлөрдү туура угуунун, айтуунун иш-аракеттерине машык-тырылып, ичке ж-а жоон, кыска ж-а созулма үндөрдү салыштыруу аркылуу тыбыштык талдоо жүргүзүлөт. Ушул учурда жаратылыштагы дабыштар, музыкалык добуштар, сүйлөшүүдөгү үндүүлөрдү туура угуу, айтуу, тегерек же чарчылар м-н белгилөө аркылуу машыктырылып, үндүү тыбыштар үйрөтүлөт. Тыбыштардын алгачкы-лыгы, анын графикалык белгиси ариптер (тамгалар) экендиги тааныш-тырылат.

Тилибиздин тыбыштарынын колдонушунун жыштыгы изилден-бегендиктен, Сабат ачууда тыбыштарды тааныштыруу ирети ил. жактан негизделбеген. Ошондукутан тыбыш-тардын айтылышы, түзүлүшү, жазы-лышы жагынан окшоштугу эске алынып, блокторго топтоо жүргүзүлгөн. Мындай ыкма окуучунун сабатын тез ачууга мүмкүндүк берет. Жазууну окуу м-н бирге жүргүзүү баланын курактык өзгөчөлүгүнө түздөн-түз байланыштуу, анткени баланын ою ансыз да чаржайыт. Ошондуктан окуу, жазууну, эки башка сабак түрүндө эмес, бир гана С. а. сабагы катары кароо натыйжалуу болуп саналат. Алиппе мезгилиндеги окуу муундап окууга негизделет. Муундап, муун аркылуу окууга көнгөн бала шар окууга тез үйрөнөт. Шар окуй алган баланын көркөм окуй алуусу табигый иш. Алиппеден кийинки мезгилде окуучулар окуунун техникасына (шар, сезимдүү, көркөм үн кубултуп, түшүнүп, купуя же жарыя окууга) калыптанып, жазуунун билгичтик-терине машыгып кеп маданиятына багытталып калат.

Сабат ачуудагы тамга–муун методу болуп эң байыркы метод. Байыркы Грецияда, Римде, андан кийин Европага ж-а Азиядагы элдерге таркайт. Россияда 16-к-дан 19-к-га чейинки мезгилди кучагына алат. Бул методдогу эң башкы нерсе – тамгаларды жаттоо болгон, алардан түзүлгөн муундарды балдар жатташкан. Жазууга болсо тамга-лардын баарын үйрөнүшкөндөн кийин гана киришкен. Биринчи иретте тамгаларды, сөздү, андан кийин фразаларды жазышкан. Мындай жол м-н сабат ачуу узак убакытка созулуп кеткен. Тамга-муун методу синте-тикалык метод болуп саналат. Башкача айтканда тамгадан муун, андан сөз түзүлүп, бөлүктөн бүтүн жаралат. Кыргыз алиппелери көп жылдар бою тамга-муун методуна негизденип түзүлүп келди ж-а учурдагы жаңы алиппелер да ушул методго негизделген. Мында алгач тамга тааныштырылып (китептин бетинде тамга сунуш кылынып), андан кийин ага карата сүрөттөр, муундар, сөздөр ж-а сүйлөмдөр берилет. Негизги көңүл өтүлө турган тамгага топтолуп, тамганын, сөздүн кайсы жерине (башында, ортосунда, аягында) келгенин балдарга түшүндүрөт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз педагогикасы:Энциклопедиялык окуу куралы/Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш И. Бекбоев(төрага) ж.б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 340 б. ISBN 9967-14-018-6