Сабиров Равшанбек Азатович

Википедия дан

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сабиров Равшанбек Азатович 1970-жылы 18-февралда Ош облусунун Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында туулган.
Жогорку билимдүү.
1996-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин бүтүргөн, «Азык-түлүк товарларын таануучу» адистигин алган.
1997-1999-ж.ж Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин, юридика жана бажы кадрларын даярдоо боюнча факультетинин «Юриспруденция» адистигинин «Бажы укугу» адистешүүсү.
1997-1999-ж.ж. Россия бажы академиясы «Бажы ишин уюштуруу» квалификациясы боюнча «Бажы иши» адистиги.

Ишмердүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эмгек жолун 1986-жылы Кара-Суу районунун «Кыргызстан» совхозунун № 1 өндүрүштүк бригадасында жумушчу болуп баштаган.
1988-жылдан 1990-жылга чейин Россия Федерациясынын Тула шаарында советтик армиянын катарында десанттык бөлүктө кызмат өтөгөн.
1990-жылы Ош облусунун Кара-Суу районунун «Кыргызстан» АКда жумушчу болуп иштеген.
1996-жыл Бишкек шаарында жеке ишкер болгон.
2001-жыл «НААР» Жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору болуп иштеген.
2010-жыл ноябрь айына чейин «Кербен» соода-сатык комплексинин директору болуп иштеген.
2010-жылдын апрель-ноябрында Кыргызстан элинин АссамблеясынынТөрагасынын орун басары.
2010-жылдын ноябрь айынан тартып «Ата Мекен» социалисттик партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаты болуп шайланды.
2010-жылдын 23-декабрынан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сыйлыктары: Мустафа Кемаль Ата-Түрк эл аралык кайрымдуулук фондунун «Кылымдын мыкты меценаты» номинациясындагы «Алтын медалы», «Чыңгыз Айтматов жана космостук ойлом» китеби үчүн Гейдар Алиев атындагы эл аралык кайрымдуулук фондунун «Алтын медалы», Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын «Ардак грамотасы», Афганистандагы согуштун ардагерлеринин Россиялык кошуунун атынан «Мекен жана Ата-Журт алдында сиңирген эмгеги үчүн» ордени, аба-десанттык аскерлеринин командачысынан «Аба десанттык аскерлерине 80 жыл» (август 2010-жыл) юбилейлик медалы, ошондой эле 40-армиянын командачысы, армиянын генералы В. Ф. Ермаковдон «Күжүрмөн аракеттердин катышуучусу» медалы, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, «Намыс жана эрдик үчүн»медалы менен сыйланган.

Шилтеме[түзөтүү | булагын түзөтүү]

[[https://web.archive.org/web/20110814162651/http://www.kenesh.kg/Articles/495-SABIROV_Ravshanbek_Azatovich__Frakciya_Ata_Meken.aspx Archived 2011-08-14 at the Wayback Machine]] Cotegory: Персоналия