Саговниктер

Википедия дан
Cycas revoluta.

Саговниктер (лат. Cycadopsida) - жылаңач уруктуу өсүмдүктөрдүн классы; сөңгөгү чамгырдай же түймөктөй, топурактын астында, кээде үстүндө (анда жумуру, бийикт. 18-20 лг) тик өйдө өскөн дарак.

Сөңгөгүнүн үчүндагы шагы 3 лгге жакын, папоротник сымал жалбырак боочосунан турат. Жалбырак пластинкасы 1-2 жылдан кийин куурайт да, анын калың түбү жаш жалбырак саптары менен бирге сөдгөктүн сыртына катуу кабыкты пайда кылат.

Саговниктер эки үйлүү, шамал аркылуу чаңдашат. Микроспорофиллдери аталык тобурчактардагы сорустарда өөрчүйт. Ар бир сорустун 2-5 микроспорангийлери болот, анда кеп споралар өнүгөт. Саговниктердин ичи түктүү мегаспорофиллдери жалбырактарына окшош, бирок хлорофиллдери болбойт, алар уз. 1 м, салм. 40 г болгон мегастробилдерге (энелик тобурчакка) чогулган.

Урук-бүчүрү экиден, уз. 5 см. Мегаспоралардын өөрчүүсүнөн архегония тобу калыптанат. Аталык гаметофиттердин өөрчүүсү канттуу суюктугу бар чадча камерасында өтүп, эки же коп сперматозоид өнүгөт. Уруктануудан эки үлүштүү түйүлдүк калыптанат. Саговниктердин 9-10 уруусу, 100 түрү бар, алар тропик жана субтропик алкактарда осот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.