Саид-Алиевдин жумуру баш кескелдириги

Википедия дан
Саид-Алиевдин жумуру баш кескелдириги.

Саид-Алиевдин жумуру баш кескелдириги (Phrynocephalus saidalievi, Sattorov, 1981):

Жалпы жана өлкөдө таралышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ареалы Курама тоо кыркаларынын түштүк – батыш бөлүгүн, Түркстан түндүк – батыш тараптагы тоо этектерин, Фергана өрөөнүнүн батыш бөлүгүн камтыйт . Кыргызстанда Баткен облусунун түндүк чек ара бөлүгүндө Белисынык, Тахтобоз ж. б. тоолордо, чыгышка карай Козубаглан суусунан тартып Шахимардан суусуна чейин таралганы белгилүү.

Жашаган аймактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нык чополуу жана өсүмдүктөргө жарды келген майда таштуу жерлер, суулардын кургап калган нуктары ар түрдүү чополуу жана түздүү жарым чөлдөр, деңиз деңгээлинен 500-1100м бийиктикте.

Саны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

30-40 жыл мурун бүт ареалы боюнча таралуучу. Азыркы учурда бир катар жашоочу жерлеринде бирин-серин гана кездешет. Кыргызстанда адатта Тахтобоз тоо кыркаларынын этектеринде кездешет: 2м х 3км транссектада бир саат издөөдө 6 - 9 особу табылган . Баткен ш: түштүккө карай Тажикстан менен чек ара районунда (Кызыл - Бел капчыгайы) апрелде жогорудай учет жүргүзүү түрдүн жыштыгынын 2 эсе аздыгын көрсөттү, башка жерлерде анда – санда сейрек.

Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Толук изилденген эмес. Март-октябрда активдүү, уруктануусу ( үйүгүшүүсү) март – апрелде жүрөт. Ургаачылары 1 - 2 уя салып майдан тартып июндун аягына чейин 2 – 10 дон жумуртка тууйт. Жаштары курт–кумурскалар жана жөргөмүш сымалдар менен азыктанышат. Эртең мененки саат 10 дон тартып күн жарымына чейин активдүү, мындайда сакчылыктыгын жоготуп байкоогучтарды көрбөй калышат. Өздөрү ийин казышат, кыштоосун кээ бирде эшек курттардын ийиндеринде өткөрөт.

Чектөөчү факторлор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жашоочу жерлерин өздөштүрүү, малдын жайылышы, иштердин кескин түрдө көбөйүп кетиши ; табигый жырткычтардын таасир этиши жана террариумдарга кармап багыш үчүн коммерциялык кармоо фактылары.

Көбөйтүү (колдо багуу)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Белгилүү болгон маалыматтар негизинен такыр жумуру баш кескелдирикке таанду. Кыргызстанда колдо көбөйтүлбөгөн, азыкка (азыгына) талапсыз, температурага сезгич келет.

Уюштурулган коргоо аракеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Учурда, Кыргызстанда коргоо алынган эмес; Тажикстандын жана Өзбекстандын Кызыл китептерине киргизилген.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жашаган жерлерин жайыт катары колдонууга жана инсектициддерди колдонууга регламенттерди коюу, көбөйүүчү жана кыштоочу жерлерине микрорезерваттарды уюштуруу.

Статусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

VU Blab ( i i i ) категория. Фергана өрөөнүнүн батыш бөлүгүнүн тоо этектеринин эпдемиги, саны азайып бара жаткан кууш ареалдуу калдык түр. Тажикстандын (2 категория) жана Өзбекстандын (EN lab (i – v) категория) Кызыл китептерине киргизилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]