Сайкс-Пико макулдашуусу (1916)

Википедия дан

Сайкс-Пико макулдашуусу (1916) - Осмон империясынын Азиядагы, көбүнчө араб өлкөлөрүндөгү ээликтерин бөлүшүү жөнүндө Улуу Британия менен Франциянын ортосунда түзүлгөн.

Британ дипломат М. Сайкс менен француз дипломат Ф. Жорж-Пико даярдаган. Ноталарды алмашуу формасында 9-16-майда Лондондо түзүлгөн. Иракта, Иорданиянын Түштүк-Чыгыш аймагы менен Араб жарым аралынын айрым княздыктарында Улуу Британия бийлигин, Ливан, Сирия, Түндүк Ирак, Түштүк-Чыгыш Анатолияда Франция бийлигин орнотуу белгиленген. Палестинага (Хайфа жана Акка Улуу Британияга берилген) эл аралык башкаруу (формасы кийин аныкталмак болгон) орнотулган.

Биринчи дүйнөлүк согуш (1914-1918) бүткөн соң Сайкс-Пико макулдашуусу Улуу Британиянын пайдасына өзгөртүлгөн (к. Севр тынчтык келишими (1920)).

Россиядагы Улуу Октябрь социалисттик революциясынын жана Турциядагы улуттук-боштондук кыймылдын жеңиши түрк ээлигиндеги жерлер жөнүндөгү келишимдин турмушка ашырылышына тоскоол кылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.