Сайрам

Википедия дан

Сайрам - о. кылымдагы түрк урууларына тиешелүү шаарлардын бири. Азыркы Чымкент шаарынан (Казакстан) он километр чыгышта орун алган. Алгач Сюанъ-Цзяндын (7-к.), кийин Кудама, ибн Хаукал, ибн Хордадбек ж. б-дын эмгектеринде С. жөнүндө эскерилсе, Махмуд Кашгариде (к. Дивану лугат-ит-түрк) сайрам - «ак шаар» (Мадинат ал-Байда) же «сайрам сув» — «кичине, тайыз суу» деген түшүндүрмө берген. Мухаммед Хайдар Тарих-и Рашиди аттуу эмгегинде Мухаммед Кыргыздын сайрам менен Түркстан шаарын чаап алганы айтылат. Ошондой эле Кыргыз санжырасында сайрам тууралуу маалыматтар кенен кезигет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]