Сайыппуруш

Википедия дан

Сайыппуруш, зайыпбуруш (араб-иранча «сахиб» — ээ, ээлөөчү; «хуруж» — чыгаан, баарына ээ болгон мыкты баатыр, чоң жүрүштүн ээси деген мааниде) — илгерки элдерде айрым кишилерге жоокердик эрдиги жана кызматы үчүн берилген атак, сыпат. Дүйнөнүн элдерине мыкты баатыр маанисинде белгилүү тарыхый адамдар арасында өзгөчө чыгаан үч адам: байыркы замандагы улуу кол башчы жана мамл. ишмер. Чыгыш элдеринде Искендер Зулкарнайн (Александр Македонский); бирдиктүү моңгол мамлекетин негиздөөчү, кол башчы, Чыңгызкан; Орто Азиялык мамл. ишмер, кол башчы, эмир — Темир (Тамерлан, Аксак-Темир) С. (Сахиб хуруж) деген сыпатка ээ болгон. Мына ушул үч жаангердин гана сыпаты болгон С. эпитети уруулардын биримдигин сактап, эл мүдөөсүн коргоп, күрөшүп, жоокердик жүрүштөргө кол башчылык кылган Манас баатырга да колдонулган. Мисалы, «Калыйпадан кат алган Муну менен Сайыппуруш аталган» (Саякбай Каралаев, 1. 27) жана башкалар.

Баба дыйкандын сунушу боюнча эгин айдап анын түшүмүнө Аккуланы сатып алып, аттанып чыккан Манаска Кызыр жолугуп:

Балам Манас угуп тур,

Баба дыйкандан бата алдың,

Жер үстүндө адамга

Сайыппуруш аталдың (Саякбай Каралаев, 2. 176), — деп айтат. Мындан «Манастын» эволюциялык өнүгүшүнө байланыштуу анын стили да өзгөрүп, ошондой эле салттык көркөм каражаттары да шартка карата жаңыланып жана өнүгүп олтурарын байкайбыз. Анткени баатырдык эпостордогу салттык эпитет менен салыштыруу башка элдердин тилдеринен өзүнө семантикалык жактан барабар келүүчү эквиваленттерди тез кабыл алып, синонимдерди байытууга жөндөмдүү болот. Ошондуктан, «Манас» эпосундагы «баатыр», «эр» деген эпитеттерге эквивалент келүүчү С.— «Сахиб хуруж» деген арабдын сөзүнөн синоним катарында кабыл алынганын жогоруда келтирилген факты материалдар айгинелеп турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4