Саларлар

Википедия дан

Саларлар (өздөрүн салыр, сала деп аташат) - Кытайдын Цинхай провинциясында (Сюньхка- Салар автономиялык уезд, 80%) жашаган эл. Ошондой эле Ганьсу (7,7%) к-а Шинжаң-Уйгур автоном районунда (4,2%) да жашашат. Саны 361000 киши (2021 жылдын каттоосу боюнча). Салар жана кытай тилинде сүйлөшөт. Дини боюнча мусулман-сүннөттөр. Алардын ата-теги 14-кылымдын аягында Самарканддан жер которуп келишип, Хуанхэ д-нын жээгине отурукташкан. Саларлар жети кылым мурда этнос катары калыптанган. Саларлардын этногенезине огуздардын салгур уруусу (11-к.) катышкандыгы божомолдонот.

Саларлардын желеги.

Тарых[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тарыхчылар Саларлардын ата-теги түрк уруусу - огуздар деп эсептешет. Дыйканчылык, мал чарбачылык жана кол өнөрчүлүк менен кесиптенишет. Мадабиятына кытайлык мусулмандардын жана тибеттик монголдордун таасири чоң. Аялдары кызыл көйнөк, саймаланган кара желет кийип, жоолук салынышат. Эркектери жүндөн жасалган кийим, кышкысын кой терисинен пальто кийишет. Салттуу тамак-ашы негизинен эт, картошка жана жашылчалардан даярдалып, суусундук катары сүттөлгөн чайды кеңири колдонушат. Азыркы учурда Кытай элдеринин бири катары Саларлардын өзүнчө улуттук автономиясы, тили, тарыхы, үрп-адаты, салты бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]