Салбырын

Википедия дан

Салбырын (моңголчо салбар — кыраан куш) — көп адамдардын атайын камданып алыс жерге куш менен аң уулоого чыгуусу. Эпосто Манас Алтай тарапта туулуп, жигит болгон куракта өз жолдош-жоролору менен шумкар салып ууга чыккан окуяда баяндалат. Ошондой эле Алмамбет келер алдында Манас Самаркандан чыгып кырк чоросу менен ууга чыгат. Кийинки кезде жалпы эле көп адамдын ар кандай аң уулоого чыгуусу «С» деп аталып калган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4