Салкүрөң
Салкүрөң — «Манас» эпосундагы Жоорунчунун байгеге чапкан күлүгү. Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап жар тандоо расмисинде С. жыйырманчы болуп келген Жоорунчу тагдырына буюрган Мунусканга үйлөнөт (Сагымбай Орозбак уулу, 2. 425).
Салкүрөң — Төртайдын байгеге чапкан күлүгү. Манас Каныкейге күйөөлөп барганындагы ат чаап жар тандоо расмисинде С. жыйырма биринчи келген Төртай тагдырына буюрган Сонобүбүгө үйлөнөт (Сагымбай Орозбак уулу, 2. 425). Салкызыл — «Манас» эпосунда Бакайдын байгеге чапкан күлүгү. Алмамбеттин келишинин урматына өткөрүлгөн тойдогу ат абышта марага экинчи болуп келет (Сагымбай Орозбак уулу, 2. 327).
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4