Салк, Гундула
Гундула Салк – европалык белгилүү кыргыз таануучу жана түрколог айым (Gundula Salk, бүлө күтө электеги тегаты - Zillmer). Германиянын Фрайбург шаарынан. Илимдин доктору (2009).
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Салк айым 1986-1996-жылдары Берлиндеги Эркин Берлин университетинде (Freie Universität Berlin) жана Германиянын ордо шаарында негизделген алгачкы университет – Гумбольт университетинде (Humboldt Universität Berlin) түркология, борбордук азия таануу жана монголистика бөлүмүндө окуп, 1996-жылы магистрдик диссертациясын эң мыкты баага жактаган.
1992-жылдан тартып чыгыш таануу (негизинен, кыргыз таануу) жаатында илимий жана илимий-жамаатттык макалаларын жарыялай баштаган, алардын айрымдары Кыргызстанда (Бишкекте) жана Кытайда (Үрүмчүдө) кыргыз тилинде жарык көргөн.
1995-жылы Кыргызстандагы “Манас” дастанынын миң жылдыгынын шартуу мааракесине катышып, жергиликтүү окумуштуулар менен жакындан таанышып, Бишкек, Чүй, Талас сыяктуу аймактарды кыдырган.
Анын илимий жетекчилеринин арасында айтылуу кыргыз таануучу, француз профессору Реми Дор болгон.
1995-1998-жылдары Кытайдын бир катар аймактарын кыдырып, этнографиялык-диалектологиялык жана башка иликтөөлөр жүргүзгөн, Ал Сычуан вилайетинде, Шинжаң Уйгур автоном районунда (анын ичинде кыргыздар байырлаган жайларда), Хэйлуңжан вилайетиндеги фу-йү кыргыздарынын жашаган аймактарында болгон.
Бээжиндеги теги дунган, кыргыз таануучу профессор Мухаммед Ху Чженхуа жана Үрүмчүдөгү кыргыз профессор Мамбеттурду Мамбетакун менен кызматташкан.
1997-2002-жылдары Түркиядагы Мерсин университетинин (Mersin Üniversitesi) Котормо бөлүмү жана Түрк тили жана адабияты бөлүмү менен да тыгыз чыгармачыл-педагогдук байланышта болгон.
1998-жылы Польшанын Краков (Krakow) шаарында анын Түндүк Кытайдагы фу-йү кыргыздары жана алардын тили тууралуу илимий эмгеги жарык көргөн.
1998-2000-жылдары Кыргызстанда болуп, башка темалар менен катар эле кыргыз санжырачылык өнөрүн иликтеп кайткан.
2000-2001-жылдары жубайы Паул Салктын ишине байланыштуу алардын бүлөсү Тайванда жашады.
Ал учурда да Гундула кыргыз таануу боюнча иликтөөлөрүн уланткан.
2007-жылы Германиядагы Фрайбург (Freiburg) шаарындагы университеттин Чыгыш таануу бөлүмүнүн ислам таануу тармагында (Orientalisches Seminar (Islamwissenschaft) доктордук диссертациясынын темасы кабыл алынат.
2008-жылы Д. Прайор (D. Prior) жазган айтылуу кыргыз манасчысы Кенже Карадан ХХ кылымдын башында жазылып алынган фонограмма (үн) тууралуу илимий эмгек жөнүндө сын макаласы жарык көргөн.
Он беш жылдык жыйнаган материалынын үзүрүн көрүп, диссертациялык эмгегин бат эле бүткөрүп, 2008-жылдын сентябрында жактоо үчүн тапшырат.
2009-жылдын май айында Фрайбургдагы Алберт-Лүдвигс университетинин (Albert-Ludwigs-Universität) Чыгыш таануу бөлүмүндө Тоголок Молдо жазган санжыраны ар тараптуу идиктөөгө арналган диссертациялык эмгегин эң жогорку баа (magna cum laude) алуу менен ийгиликтүү коргоду.
“Тоголок Молдо (1860-1942) жазган санжыра” - Die Sanjïra des Togolok Moldo (1860-1942) - деп аталган бул диссертациялык эмгеги 2009-жылдын соңунда өзүнчө илимий монография болуп жарык көрдү.
Бир нече жыл бою Лаосто Луаң Прабаң (Luang Prabang) шаарында байырлады.
Учурда Германияда илимий-педагогдук ишмердигин улантууда.
Эмгектеринин кыскача тизмеси
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Айрым илимий чыгармалары (кыскача тизме)
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Salk, Gundula. Die Sanjira Des Togolok Moldo (1860-1942). Wiesbaden. Harrassowitz Verlag. 2009. - 374 s. - ISBN 978-3-447-06161-2. ISBN-13: 978-3447061612. ISSN 0340-6423. Series: Veroffentlichungen Der Societas Uralo-Altaica (Book 79). ISBN-10: 3447061618.
- Salk, Gundula. "The Fu-Yu Gïrgïs - according to the present-day situation and the legendary past". Studia Turkologica Cracoviensia 4 (1998). Krakow. ISBN 87-7188-201-7.
- Salk, Gundula. Die Morphologie der Sarbagïš Zur Pragmatik der Konstruktion eines kirgisischen Stammes / Gundula Salk. Studien zur Sprache, Geschichte und Kultur der Turkvölker 15. - Klaus Schwarz Verlag. - 1. Auflage (2014). - Hardcover, 358 Seiten. - ISBN 9783879974351.
- Turdu, Mambet; Gundula Salk: "The Fu-Yu Gïrgïz and their past. Three stories collected in Manchuria during the Period of the Establishment of the People’s Republic of China". In: Turcica 30 (1998), pp. 287-296.
- Salk, Gundula. "Die kyrgyzische Gesellschaft und orale Traditionen". In: Studia Turcologica Cracoviensia 5 (1998), 217-229.
- KENCIEV, JAPAR / REMY DOR / GUNDULA SALK: “Dire l’histoire en l’écrivant : un fragment de sanjïra kirghize’’. In : Turcica 31 (1999), pp. 489-508.
- Salk, Gundula. Rezension zu: Prior, D.: The Semetey of Kenje Kara – A Kirghiz Epic Performance on Phonograph. - In: Wiener Zeitschrift für die Kunde des Morgenlandes 98 (2008), 517-520.
- Rezension zu: Light, N.: Intimate Heritage. Creating Uyghur Muqam Song in Xinjiang. - In: Wiener Zeitschrift für die Kunde des Morgenlandes 99 (2009), 515-519.
Башка макалалары:
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1.) "Alaydan baštalgan jol". In: Kïrgïz Madaniyatï (22.12.1993)
2.) "Rahmankul xandïn eli". In: Kïrgïz Madaniyatï (22.12.1993).
3.) "Waz'-e penahendegan-e afgani dar turkijja". In: Nowbahar 6/94.
4.) "Goftegu'i ba do hunermand, Qutlu Akabar wa Malik". In: Nowbahar 6/94.
5.) "Kiči Pamir Elesteri". In: Kïrgïz Madaniyatï (14) 9/94.
6.) "Kïrgïzdardïn sotsialdïk kontseptsiyasï jana oozeki salttarï". - In: Manas eposu jana düynö elderinin epikalïk murasï: El aralïk simposiumdun tezisteri. Biškek 1995, 4-6.
7.) "Die Pamir-Kirghisen in der Türkei". - In: Folia Orientalia 31(1995), 117-144.
8.) "Qïrġïzdardïn oozeki saltï - sanjïrasï". - In: Til jana qotormo 1 (1996), Urumqi, 26-34.
9.) "Die türksprachigen Afghanistanflüchtlinge in der Türkei". - In: Materialia Turcica (17). 1996, 67-76.
10.) "Qïrġïzdardï qïdïrïp jürgöndö", In: Til jana qotormo 2 (1997), 37-42
11.) "Sowjetische Realitäten im kyrgyzischen Ajyl: Biographische Notizen über Čyŋgyz Törökulovič Ajtmatov", - In: Folia Orientalia 33 (1997), 120-137.
- Салк, Гундула. Оогандан оогондор / немисчеден которгон Жолдошбек уулу Абдыкерим // Кыргызстан маданияты. – 1993. – 23 дек.
Ал тууралуу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Др. Гундула Салк өзү жана кыргыз тили тууралуу. "Азаттык" үналгысы. 09.6.2011 https://www.youtube.com/watch?v=uP-7geeqv6Q
- https://www.azattyk.org/a/kyrgyz_science_togolok-moldo-160_gundula-salk_2020_tch_longread_ky/30978822.html
Адабият тизмеси
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Gundula Salk. Die Sanjira Des Togolok Moldo (1860–1942). Wiesbaden. Harrassowitz Verlag. 2009. - S. 2-3. - ISBN 978-3-447-06161-2
- Бейше Урстанбеков, Тынчтыкбек Чороев. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. Фрунзе, Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. ISBN 5-89750-028-2. Жалпы көлөмү – 288 бет.
Интернеттеги шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- http://www.azattyk.org/content/Gundula_Salk_Togolok_Moldo_Germany_Science_Genealogy/1936223.html
- Карл Райхл: Германиялык чыгаан манас таануучу жана эпос изилдөөчү
- http://www.azattyk.org/content/article/1279734.html
- http://www.azattyk.org/content/article/1209654.html
- http://www.azattyk.org/content/article/1211254.html
- http://www.klaus-schwarz-verlag.com/index.php?title=Gundula+Salk%3A+Die+Morphologie+der+Sarbag%C3%AF%C5%A1&art_no=SSGK15 Archived 2016-03-24 at the Wayback Machine
- http://www.amazon.com/Sanjira-1860-1942-Veroffentlichungen-Societas-Uralo-Altaica/dp/3447061618/ref=sr_1_1/190-1740698-1928453?ie=UTF8&qid=1424599376&sr=8-1
- http://bizdin.kg/elib/kitepter/pdf/history_short.pdf(жеткиликсиз шилтеме)
- http://www.klaus-schwarz-verlag.com/manu/14-01-10_Sandsch_kirg.pdf(жеткиликсиз шилтеме)
- http://www.harrassowitz-verlag.de/dzo/artikel/201/003/3747_201.pdf?t=1264421913
- http://poj.peeters-leuven.be/content.php?id=2004303&url=article
- https://www.azattyk.org/a/kyrgyz_science_togolok-moldo-160_gundula-salk_2020_tch_longread_ky/30978822.html
- Webarchive template wayback links
- Уикипедия:Шилтемеси жараксыз барактар
- Кыргызстан
- Кыргыз тарыхы
- Кыргыз таануу
- Борбордук Азия
- Фергана өрөөнү
- 20-кылым
- Фу-йү кыргыздары
- Кытайлык кыргыздар
- Ван кыргыздары
- Кыргыз диаспорасы
- Кыргыз адабияты
- Кыргыз тили
- Булак таануу
- Чыгыш таануу
- Тарыхчылар
- Кытай
- Санжыра
- Кыргыз этнографиясы
- Германия
- Чыгыш таануучулар
- Ислам таануу
- Түркологдор
- Этнографтар