Мазмунга өтүү

Самал Еслямова

Википедия дан
Самал Еслямова
каз. Самал Есләмова
Төрөлгөндөгү ысымы:

каз. Самал Ілиясқызы Есләмова

Туулган датасы:

1 -сентябрь 1984(1984-09-01) (40 жаш)

Туулган жери:

Петропавл, Казак ССРи

Жарандыгы:

 Казакстан

Кесиби:

актриса

Карьерасы:

2008 — азыркы учурда

Сыйлыктары:



Канн кинофестивалынын эң мыкты аялдык ролу үчүн сыйлыгы (2018)
«Ника» (2020)

IMDb:

ID 4662933

Самал Еслямова (каз. Самал Есләмова) — Казакстандык актриса[1][2]. Казакстандын эмгек сиңирген ишмери (2018). Кыргызстанга «Айка» тасмасындагы Москвада иштеген мигрант кыргыз кыздын ролу менен белгилүү[3].

2011-жылы ГИТИС институтун да актёрдук факультетин аяктаган[1]. 2008-жылы ГИТИСте окуп жүргөндө Еслямова Сергей Дворцевойдун «Жоогазын» тасмасында роль жараткан. Казак талаасындагы чабандардын жашоосун чагылдырган тасма Канн кинофестивалында «Башкача көз караш» сынагынын баш байгесин[1] жана бүткүл дүйнөлүк эл аралык кинофестивалдарда дагы 9 Гран-приге ээ болгон.

2018-жылы май айында 71-Канн кинофестивалында Еслямова Дворцевойдун «Айка» экинчи тасмасында «Эң мыкты аялдык роль» наамынан сыйлык алган. Актриса аталган тасманын мазмунунда баласын төрөт үйүнө таштап кетүүгө аргасыз болгон кыргызстандык мигрант кыздын ролун аткарган. Бул тасма алты жылга созулган[1][4]. Чимкенттин мурдагы тургуну Дворцевойдун айтымында:«2012-жылы Москвада 200 мигрант кыз-келиндер абалы начар болгондуктан балдарын таштап кетишкен. Мигранттар темасы бүгүнкү күндө бүткүл дүйнөдө актуалдуу. “Айка” тасмасы Москвадагы кыргызстандык мигранттын жашоосундагы алты күн. Терең психологиялык драма. Тасманын 99% башкы каарманга таандык. Роль эмес, жомок»[5].

Еслямованын атасынын айтымында, ал актриса болууну каалаган эмес, бирок журналист болууну кыялданган. Еслямова Канн кинофестивалынын эң мыкты актриса үчүн сыйлыгын алган постсоветтик мейкиндиктеги биринчи актриса[6].

2018-жылы декабрда Еслямова «Казакстандын эмгек сиңирген ишмери» наамына ээ болгон[7].

2019-жылы март айында ал «Айка» тасмасындагы ролу үчүн Азия киноакадемиясынын сыйлыгын алган[8].

Тасмаграфиясы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • 2008 - «Жоогазын» — Самал
  • 2018 - «Айка» — Айка
  • 2019 - «Ат уурулары: Убакыттын жолдору» — Айгүл
  • 2020 - «Үч» — Дина Садыкова
  • 2021 - «Райондук борбор» —
  • 2022 - «Чексиздик» — Ирина
  • 2026 - «Чексиздик 2» — Ирина Николаевна
  • 2024 (23-октябрь) — «Курмет» ордени[9].
  1. 1.0 1.1 1.2 1.3 Самал Еслямова: что известно об актрисе. Sputniknews.kz (20 -май (бугу) 2018). Текшерилген күнү 22 -май (бугу) 2018.
  2. Что известно о Самал Еслямовой. Tengrinews.kz (20 -май (бугу) 2018). Текшерилген күнү 22 -май (бугу) 2018.
  3. Тасмаларга каарман болгон кыргыз мигрант кыздары. BBC news Кыргыз кызматы. Текшерилген күнү 24 -декабрь (бештин айы) 2024.
  4. Самал Еслямова заставила Канны плакать: режиссер рассказал о фильме "Айка". Sputniknews.kz (22 -май (бугу) 2018). Текшерилген күнү 22 -май (бугу) 2018.
  5. Из Канн — в Астану. Из Астаны — в родной Шымкент. Текшерилген күнү 18 -декабрь (бештин айы) 2018.
  6. Как российские СМИ отреагировали на победу Самал Еслямовой в Каннах.
  7. Назарбаев вручил госнаграды. Самал Еслямова удостоена звания заслуженного деятеля культуры. Текшерилген күнү 18 -декабрь (бештин айы) 2018.
  8. Еслямова получила азиатский «Оскар».
  9. Указ Президента Республики Казахстан от 23 октября 2024 года О награждении государственными наградами Республики Казахстан. akorda.kz (23 -октябрь (тогуздун айы) 2024). Текшерилген күнү 23 -октябрь (тогуздун айы) 2024.