Самойлович мөңгүсү

Википедия дан

Самойлович мөңгүсүБорбордук Теңир-Тоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү.

Көйкаптын алабында жайгашкан. Уз. 6,6 км, аянты 6,7 км2. Башы деңиз деңг. 5044 м, этеги 3500 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4100 м, абляция облусунун аянты 2,7 км2. Өткөн кылымдын ортосуна чейин Көйкап мөңгүсүнүн сол салаасы болгон. Кийин тартылып, өзүнчө мөңгүгө айланган. Этеги шагыл таш м-н капталган. Мөңгүдөн Көйкап (Сарыжаздын сол куймасы) суусунун сол курамы башталат. Аты орус уюл изилдөөчүсү Р. Л. Самойловичтин ысымынан коюлган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2