Санамкүл

Википедия дан

Санамкүл «Манас» эпосунун эпизоддук кейипкери. Оргонун аялы, Орго кан өлгөндөн кийин С. эки баласын жана Ыраман увазирин, ырчы баласы Каратай менен ээрчитип, көп тартуу менен Манаска барып эки уулунун канын сурайт. С-дүн акылдуулук жөн билгичин көргөнМанас анын өтүнүчүн кабыл алып, балдарынын күнөөсүн кечип бошотуп жиберет. Каратайдын акылдуулугун байкап өзүнө чоро кылып алат, кийин ал Ырчыуул деген ат менен белгилүү болот (Сагымбай Орозбак уулу, 2. 92, 93).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4