Сарбан

Википедия дан

Сарбан «Манас» эпосунун эпизоддук кейипкери, Жакыптын төөчүсү. Жакып, Чыйырды, Бакдөөлөт үчөө түш көрүп, эл чакырганда меймандарга союлчу төөлөрдү айдап келет (Сагымбай Орозбак уулу, 1. 61).

Сарбан — «Манас» эпосунун эпизоддук кейипкери, Саламаттын иниси. Ошпурда козу кайтарып жүрүп Манас Кортукту өлтүрүп койгондо, айлын калмактар чапмакчы болуп жатканын Жакыпка айтып келет, Жакып С-га ат которуп мингизип, канатташ жашаган айылдардагы ишеничтүү адамдарына кабарга жөнөтөт (Сагымбай Орозбак уулу, 1. 145 — 146).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4