Сарпашев Дүйшеке

Википедия дан

Сарпашев Дүйшеке (1932-ж. т., Толук айылы) - эл агартуу отличниги. Фрунзедеги мугалимдер институтун (1952), КМУнун математика факультетин (1961) аяктаган.

  • 1953-56-ж. Ош облусунун Карасуу районундагы Жданов атындагы мектепте мугалим,
  • 1961-66-ж. Н. Крупская атындагы орто мектебинде директор, Белалды айылдык Кеңешинин төрагасы,
  • 1966-79-ж. Торкен орто мектебинде мугалим,
  • 1979-86-ж. Кетментөбө совхозунда жумушчулар комитетинин, бөлүмдүн башчысы,
  • 1986-94-ж. Калинин атындагы орто мектепте мугалим болуп эмгектенген. Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил. ISBN 9967-14-030-5