Сартов Беганас

Википедия дан

Беганас Сартов (1945–1978) - кыргыздын фантаст жазуучусу.

Кыскача өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акын, жазуучу-фантаст Беганас Сартов Москва районундагы Чичерин айылында 1945-жылы 15-августта туулган.

1952-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолун Кыргыз сыналгысында (телевидениесинде) жардамчы режиссер болуп баштаган, кийин «Кыргызстан маданияты», «Ленинчил жаш» гезиттеринде кабарчы, «Мектеп», «Кыргызстан» басмаларында кызматкер болуп иштеген. Өзү иштеп жүргөндө «Жылдыздар балладасы» деген чакан китепчеси 1971-жылы жарык көргөн.

«Too жылдызы» адабий ийримин жетектеген.

Б. Сартовдун негизги чыгармачылыгы фантастика болгон.
Ыр, пьеса, интермедия жазган.

Өмүрүнүн акыркы күндөрүндө «Мектеп» басмасынан Жумгалга ишсапары учурунда боору ооруп, каза тапкан.

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Жылдыздар балладасы: Илимий фантаст. повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1971. – 20 б.
  • Ааламда адашкандар: Фантаст. повесть ж-а аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1974. – 147 б.
  • Маанай: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1976. – 111 б.
  • Мамыры гүлдөгөн маалда: Фантастика, повесть ж-а аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1978. – 160 б.
  • Эридиана: Фантаст. повесттер, аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1981. – 348 б.
  • Сары азезил: Сатиралык ырлар, аңгемелер, интермедиялар. – Ф.: Мектеп, 1987. – 123 б.
  • Эридиана: Фантаст. повесттер, аңгемелер, ырлар. – Б.: 1995. – 407 б.

Котормолор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Жер жүзүндө жанат Ленин жылдызы: Дүйнө акындарынын ырлары. – Ф.: Кыргызстан, 1977.– 211 б.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]