Сарт калмактар

Википедия дан

Сарт калмактар - кыргыздардын курамына жуурулушуу процесси аяктап бара жаткан этнографиялык топ.

Монгол тилдеринин батыш бутагында сүйлөгөн сарт-калмактар 20-«. баш чендерине чейин тилдик, каада-салттагы айрым өзгөчөлүктөрүн сактап келишти. Лама динин тутунган кара калмактар же олөттордун басымдуу бөлүгү Чыгыш Түркстанда жашашары маалым. Сарт калмактар көл кылаасынын Бөрүбаш, Челпек, Зындан, Каракыя, Акбулак айылдарында турушат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.