Сарыбуурул

Википедия дан

Сарыбуурул — Керкөкүл, Аксаргыл — «Манас» эпосундагы Тейиш кандын тоюнда Сайкалдын Манас менен сайышканда минип чыккан аты. Сайкал Манасты эңип кетеринде Чубак жете келип С-ду башка чаап үркүтүп, Манасты жөлөп калат. Кайра сайышууга Сайкал чыкпай койгондо, Карачанын сунушу боюнча С-ду Манаска тартуу кылышат. Манас атты Карачага кайрып берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4