Сарымсак

Википедия дан
Сарымсак.

Сарымсак (лат. Allium sativum, L. 1753) — эки жылдык чөп өсүмдүгү; уруунун түрү Пияз түптүүлөр (Alliaceae). Сульфид - органикалык кошулмалардын негизинде кескин жыты жана ачуу даамы менен дүйнө жүзүндөгү көпчүлүк элдердин жактырып жээген жашылчасы болуп саналат. Вируска каршы туруктуулугу үчүн медицинада кеңири колдонулуп келүүдө. Сарымсактын майда баштарын үрөн катары жана тамак-ашты даамдуу кылуу максатында (чийки жана бышырылган түрүндө) колдонушат. Жалбырактары, сызыгы жана гүл төшөнчөсү жээгиликтүү, көбүнчө жаш өсүмдүктөрдүкүн пайдаланышат. Сарымсактын тамыры жана башынын жука чел кабыгы гана колдонулбайт. Калган баардык органдары дарылык касиенке ээ.

Таралышы жана экологиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сарымсактын мекени болуп Түштүк-Батыш Азия болуп саналат. Ал жакта неолит заманынан бери өсүп келүүдө. Сарымсак жапайы түрүндө бул чөлкөмдүн баардык жеринде кеңири өсөт.

Сарымсактын эки түрү бар: күздүк жана жаздык.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

...