Сары-Ирмек неолит өнөрканасы

Википедия дан

САРЫ-ИРМЕК НЕОЛИТ ӨНӨРКАНАСЫ – неолит дооруна таандык археологиялык эстелик. Нарын облусунун Атбашы районундагы Аксай бийик тоо сырттарында, Терек суусунун төмөнкү агымында, Кароолдөбө айылынан 4 км төмөнүрөөк, Сары-Ирмек сайынын сол капталындагы эң төмөнкү тектирде жайгашкан. Деңиз деңгелинен 3475 метр бийиктикте турат. Таштын майда бөлүк-төрү, бычак сымал жалпак таштын сыныгы табылган. 1968-жылы Кыргыз археологиялык экспедициясы (жетекчиси В. А. Ранов) тарабынан ачылган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.