Сары-Чат өрөөнү

Википедия дан

Сары-Чат өрөөнүБорбордук Теңир-Тоодо, Тескей Ала-Тоо менен Ак-Шыйрак кырка тоосунун аралыгында, деңиз деңгээлинен 3000м бийиктикте жайгашкан. Узундугу 52 км. Өрөөндүн баш жагы жайыгыраак (3–5 км), чыгышты карай кууштап, түбү тереңдейт. Тоо капталдары тик болуп, Сары-Төр суусу кошулгандан кийин капчыгай кебетеленип кетет. Таманында жапыз тектирлер бар. Өрөөн аркылуу терең сай менен Сары-Чат суусу агат. Ири куймалары Орой-Суу, Туура-Булак, Сары-Төр, Чомой, Бороко.

Климаты континенттик, июлдун орточо температурасы 10°С, кышы суук (январдыкы 21-9°С) болот. Суу баштарында жалпы аянты 195,5 кмге жеткен 88 мөңгү бар. Эң ириси—Колпаковский мөңгүсү. Жаан-чачын аз (жылдык жаан-чачыны 400 мм) жаагандыктан өрөөндө боз шыбак-бетегелүү кургак талаа ландшафттары кеңири таралган. Тоо капталдарында (3800–3850 мден жогору) шалбаалуу талаа, бийик жана тайпак тоо жондорунда муздак чөл сымал ландшафттары орун алган. Кийинки жылдарда уюшулган (1995) Сары-Чат-Ээр-Таш коругунун аймагына кирет.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан географиясы.Мамлекеттик тил комиссиясы”- Бишкек-2004.