Сары-ажы Үмөт уулу

Википедия дан

Сары ажы Үмөт уулу - Октярь кыштагынын Ой-Талаада пайда болушуна биринчи кадам таштаган адам. 1864-жылы Беш-Бала айылында дыйкандын үй-бүлөөсүндө туулган.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сары акыл-эстүү, токтоо, эмгекти сүйгөн, чечен-сөзмөр, ар кандай адам менен тартьшбай сүйлөшө алган, сөзү өтүмдүү адам болгон. Улуу менен да кичүү менен да тил табышып, мамиле жасап жүрүп, тез эле байып элге журтка таанылып, көрүнө бапггайт. Өзүнүн кең пейил, жайыл дастаркону, калыс жана таамай сөзү менен жакшы адамдардан дос жар күтөт.

Өзбекстандын Чимиян айылынан чыккан белгилүү Мурзакул болуш менен, Кашкардын чоң соодагери Баабедин менен достошот. Анын дагы бир өзгөчөлүгү өзүнүн жерине эсепсиз көп мырза терек өстүрөт. Теректерди көргөн Мырзакул болуш короо-жай куруп берүүнү мойнуна алып, 50-60 тай өзбек усталарын алып келип, 2-3 жылда эки кабат үй, мечит, чоң-чоң сарайларды салып бүтүрүшөт. Ошондон кийин Ой-Талаага отурукташуу башталат. Сары дүнүйөнү тапкан да, ошончолук элге берген да бай болгон.

Ошентип кадыр-баркка ээ болуп 1902-1910-жылдары болуш, бий болуп шайланат. 1915-1916-жылдары эгин болбой калып эл ачарчылыка учураганда, короо жайынын ортосуна эки казан астырып элин багып турган. 1918-жылы болуштук шайлоого карата, Сарынын каршыларынын уюштурган жалган жалаасы менен, Ош шаарында сурак берип бир жыл түрмөдө жатат. Соту Чаңгетте, Чыйбылдын сарайында бир ай болуп, эки жүздөн ашык күбө катышып, таптаза болуп акталып чыгат.

1918-1923-жылдары элдин тынчтыгын коргоо максатында Мойдун корбашы менен Ноокатта, Жаныбек казы менен Өзгөндүн Кара-Шоросунда жолугуп сүйлөшкөн. 1929-жылы үй-мүлкү ортого алынып кулака тартылат. 1929-1931-жылдары үй-жайсыз адегенде Кара-Алмада, андан кийин, Кокондун кумунда жашап жүрүп, 1931-жылы Кытайга өтүп кетет.

Кытай жеринде да кыргыздарды баш коштуруп оокаттуу жашайт.

Бир жолу Москва аркылуу Меккеге ажылыкка зыярат кылып барат. Ошентип Сары-Ажы аталып жүрүп 1948-жылы 85 жаш курагында дүйнөдөн кайтат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3