Сары-жаз ванадий кени

Википедия дан

Сары-жаз ванадий кени - Ысык-Көл облусунун Аксуу р-нда, Сарыжаз дарыясынын оң өйүзүндө.

Уран-молибден-ванадий минералдашуусу көмүртек-кремнийлүү сланецтерде топтолгон. Кен 10 кмге жакын 5 участкадан турат. Ал участкаларда уз. 300–2700 м, калыңдыгы 1,27–9,2 м келген 8 руда тулкусу аныкталган. Беш участкада 100–700 м тереңдикке чейин В+С1+С2 категориялары б-ча эсептелген руда 21819 миң т, V2O5тин орт. Өлчөмү 0,34%, запасы 74,6 миң т (жалпы болжол запасы–112,8 миң т). Мында ванадий м-н бирге уран (рудадагы орт. Өлчөмү 0,022%) ж-а молибден (0,04%) бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2