Сары суу

Википедия дан

Сары суу -

1) кар суусу - кыш бою топтолгон кардын эриген суусу; мөңгү менен кошо Кыргызстандагы агын суулардын негизги булагы болуп саналат. Жаз-жай мезгилдеринде кар көп эрип, дарыяларда ташкынды пайда кылат;

2) чополуу жана лёсстуу аймактар аркылуу агып өткөн киргилт суулар да сарысуу деп аталат, мис., Кытайдагы Хуанхэ (Сарыдарыя) дарыясы;

3) сарысуу - ири, жайык, башкы дарыя деген маанини да берет; ушул мааниде топоним катары Орто Азия, Казакстанда кеңири таралган, мис., Казакстандагы Сарысуу дарыялары

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2