Сары чычырканак

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Сары чычырканак.

Сары чычырканак (Облепиха крушовидная), (лат. Hippophae rhamnoides, L. 1753) - жийделер тукумундагы уруу, бадал же анча чоң эмес дарак.

Бийиктиги 6-15 лгге чейин жетет. Бутагы тикендүү. Жалбырагы боз, түктүү. Гүлү майда, сары.

Мөмөсү ширелүү, майда данектүү, кызгылт-сары. Желет. Шире, кыям (варенье) жасалат. Май алынып, ал медицинада дары катары колдонулат. Көл, агын суулардын жээктеринде, кумдуу, таштуу жерлерде өсөт. Нымдуу жерде жыш өсүп, тикени азыраак болот. Жемишин сууга 5-6 саат кайнатса майы бетине калкып чыгат.

Аны калпып, фарфор идишке куюп, муздаткычка койсо суусу муздап, бетинде таза майы калат. Аны экинчи идишке сарыктырып куюп алуу керек.

Ал ашказан жарасына бир аш кашык майга 1 стакан кайнак сүт кошулуп, тамактанаардан бир саат мурун күн сайын бир жолу ичилет. Ошондой эле геморройго, жатындын мойнундагы жарага тампон кылып коюлат. Ар түрдүү күйүккө чычырканак майынын 1 чай кашыгына 2 жумуртканын агын кошуп жапса, так калбай, тез айыгат. Майды ысытып эриндин жарылганына, мурундун ичиндеги Kapara сүйкөсө жакшы натыйжа берет.

Кулак шуулдап, сайгылашып ооруганда майын жылытып 1-2 тамчы тамызса ооруну басаңдатат. Учурда медицинада радиоактивдүү элементтердин таасиринен пайда болгон тери жараларына колдонууда.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9