Сатаров, Эсенгелди

Википедия дан

Сатаров Эсенгелди (27.3.1942-ж. т., Жумгал району, Кайырма айылы) — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1993).
1969-ж. Ташкендеги А. Н. Островский атындагы театр жана көркөм сүрөт институтунун актёрдук факультетин бүткөн.
1969-жылдан "Кыргызфильм" киностудиясында режиссёр, 1971-жылдан Нарын облустук музыкалык драма театрында актёр.
Театрда иштегенден бери ар кыл пландагы 100гө жакын образдарды түзгөн.
Сатаров аткарган негизги ролдору: Шпекин (Н. В. Гоголь, "Шпекин") Монтано, Герцог Коркуэл (У. Шекспир, "Отелло", "Король Лир"), Разумихин (Ф. М. Достоевский, "Кылмыш жана жаза"), Жансыгул (М. Карим, "Ай тутулган түндө"), Обер Кандалов. Бекбай, Чыңгызхан, Эдигей (Ч. Айтматов "Кыямат", "Эрте жаздагы турналар", "Сары өзөктөгү өлүм"), Ш. Айылчиев (Б. Жакиев, "Унутулгус күндөр"), Ормон (М.Гапаров, "Дарыянын шоокуму") жана башка.
Режиссёр катары К. Ажымудуновдун "Тирүүлөй өлүк" комедиясын койду. "Приватташтыруу", "Айылчылар", "Оору" жана башка сатираларды жазган, өзүнүн жазган ырларына обои да чыгарат.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.