Саткын (тасма, 2010)

Википедия дан

"Саткын" (англ. The Whistleblower, орус. Стукачка) — Канада, Германия жана Америка биргелешип тарткан 2010-жылдагы биографиялык кылмыш драмасы. Режиссеру Лариса Кондраки. Башкы ролду Рэйчел Вайс аткарган. Кондраки менен Эйлис Кирван сценарийди небраскалык полиция кызматкери Кэтрин Болковачтын окуясынан эргүү алып жазышкан. Болкович Бириккен Улуттар Уюму тарабынан DynCorp International компаниясы аркылуу Босния жана Герцеговинага согуштан кийин 1999-жылы тынчтык орнотуучу катары тандалып алынат. Ал өлкөгө баргандан кийин сексуалдык кулчулукка көзү түшүп, ал иштерге болсо DynCorp компаниясынын кызматкерлеринин тиешеси бар экени тууралуу билип калат. Ага БУУнун Босния жана Герцеговинадагы абалды турукташтыруу боюнча күчтөрү да көз жумуп жүргөн болот. Болковач кулчулук орун алган жерди жабууга аракет кылгандан кийин өлкөдөн чыгарылып, жумуштан четтетилет. Ал окуяны Англиядагы "Би-Би-Сиге" айтып берип, DynCorp компаниясына каршы жумуштан айдаганы үчүн соттон жеңип алат.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]