Сатылканов, Абылай

Википедия дан

Сатылканов Абылай (1933-ж. т., Жети-Өгүз району, Даркан айылы) —агроном, айыл чарба ишмери.
1957-ж. Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтүнун агрономия факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолун 1957-ж. Жети-Өгүз районундагы Калинин атындагы ири колхоздо агроном болуп иштөө менен баштаган.
1958—61-ж. ошол эле райондогу Ала-Тоо колхозунун комплекс бригадасынын бригадири, 1961—68-ж. башкы агроном, колхоз башкармасынын төрагасынын 1-орун басары, 1968—88-ж. төрагасы болуп иштеген. Ал жетектеген колхоз учурунда (1961—88-ж.) мал чарбасын өнүктүрүүдө да, айыл чарбасын өркүндөтүүдө да мыкты ийгиликтерге жетишкен жана талаачылык жумуштарьш жүргүзүү боюнча облуста үлгүлүү чарбалардын бири болгон.
1988—92-ж. Даркан айыл кеңешинин төрагасы болуп иштеп, айылдын социалдык-маданий турмушун өнүктүрүүгө бир кыйла салым кошкон.
1995-жылдан пенсияда, ошол эле учурда Жети-Өгүз райондук Ардагерлер кеңешинин төрагасы. Айылда «Кайрымдуулук фондусун» уюштуруп (1994-жылдан анын төрагасы), элдин жашоо-турмуш абалын төмөндөтпөй, жардам көрсөтүп турууга көмөктөшкөн.
Эки Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.