Саясий аракет

Википедия дан

Саясий аракет–айрым адамдар же социалдык топтор тарабынан иш жүзөгө ашырылган идеологиялык акт. Саясий аракет саясий системаны жана анын институттарын бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө же аларды ыдыратып бузууга жана жоюуга багытталат. Топтордун Саясий аракети таптык, аймактык жана корпоративдик болуп бөлүнөт. Саясий аракет бардыгы белгилүү бир социалдык топтун жана инсандын кызыкчылыктарын жана максаттарын ишке ашыруу үчүн жүргүзүлөт. Бул учурда зордук-зомбулук же демократтык мүнөздөгү каражаттардын ар түрдүү формалары, методдору жана ыкмалары колдонулат. Ушуга байланыштуу зордук-зомбулук cаясий аракеттин эки тиби каралат: «жогортон» зордук – саясий аракет бийлик органдары тарабынан мыйзамдарды жана тартиптерди бузуу же көзгө илбөө менен жүргүзүлөт жана «төмөнтөн» зордук – тигил же бул социалдык катмарлардын жана элдердин топторунун, саясий партиялардын ж. б. саясий системаны зордук-зомбулук жолу менен өзгөртүү же аны бузууга карата аракет кылынат.
Саясий аракет мыйзамдуу жана мыйзамсыз, рационалдуу жана иррационалдуу, стратегиялык жана тактикалык, инерциялык жана чыгармачылык болушу мүмкүн; булар коомдун ичинде жана андан тышкары, регионалдык, субрегионалдык жана эл аралык чектерде ишке ашырылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы. – Б.: 2004, ISBN 9967-14-011-9