Саясий жүрүм турум

Википедия дан

Саясий жүрүм турумсубъекттин өзүн курчап турган саясий чындык менен өз ара аракети.

Саясий жүрүм турум чөйрөнүн саясий стимулдарына карата жооп берүү системасы катары каралат. Тигил же бул жолду тандоодо жана өз алдынча саясий чечимди кабыл алууда адамдын дүйнөгө болгон көз карашына (мындан анын жүрүм-турумунун багыты коз каранды болот) чоң маани берилет. Адамдын Саясий жүрүм турумун аныктоодо саясий бихевиоризм, неофрейдизм, когнетивизм, гуманисттик психологизм ж.б. агымдар бар.

Саясий жүрүм турум инсандын аң-сезимдүү саясий кызыкчыпыктарынын жана баапуулуктарынын болушу чечүүчү мааниге ээ. Тышкы факторлор (коомдун саясий-экономикалык системасы, саясий маданият, коомдун социалдык структурасы, улуттук мамилелер, формалдык жана формалдык эмес бирикмелер ж.б.) адамдын Саясий жүрүм турумга олуттуу таасир кылаарын дайыма эске тутуу чоң мааниге ээ.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8