Саясий имидж

Википедия дан

Имидж саясий имидж – субъекттин өзү жөнүндөгү түшүнүк-төрү менен ал жөнүндөгү массалык маалымат каражаттарында калыптанган сүрөттөмөлөрдүн кошундусунан улам пайда болгон образ, саясий мүнөздөмө. Саясий имидж жалаң эле лидердин саясий аң-сезиминин жана жүрүм-турумунун чыныгы өзгөчөлүк-төрү жөнүндө эмес, андан тышкары, ал жөнүндөгү элдердин ой-мүдөөсү, элестетүүсү жөнүндө да жалпыланган, жөнөкөйлөтүлгөн маалыматарды берет. Ыңгайлуу же ыңгайсыз абалдын, шарттын таасири менен саясатчынын артыкчылыктары жана кемчиликтери жөнүндө коомдук аң сезимде белгилүү бир образ пайда болот жана калыптанат, бул образ, белгилүү бир мааниде, өз алдынчалыкка ээ болуп, саясатчыны коомчулуктун пикирине ылайык иш жүргүзүүгө мажбурлайт.

Тигил же бул саясатчынын имиджди аныктоодо маалымат каражаттарынын ролу чоң. Элдин көпчүлүк бөлүгү өзүнүн саясий симпатиясын билдирүүдө көбүн эсе колдо болгон маалыматтарга таянууга мажбур болушат. Ушундан улам азыркы мезгилде, өнүккөн өлкөлөрдө саясатчылардын имиджин аныктоодо одоно каталарды кетирбөө үчүн саясий маркетинг теорияларын жана методдорун колдонушат. Лидердин жекече иш стили, идеологаиялык көз карашы жана саясий программасы бирине-бири төп келсе, анда бул саясий имидж пландоонун ачкычы болуп эсептелет. Эгерде имидж саясий базарда талаптарына дал келсе, анда саясатчыга ийгилик алып келет. Ушул максатта саясатчынын артыкчылыгын баса белгилүүчү жана анын начар жактарын жаап-жашырып туруучу маалымат үчүн атайын программалар иштелип чыгат.

Маркетинг буга өбөлгө түзөт: конкреттүү кырдаалда саясатчы өзүнүн жеке сапаттарына жараша, электораттын талаптарына ылайык, атаандаштарынын абалына карата кандай көз караштарда туруу керектиги аныкталат. Демократтык институттардын өнүгүшү, шайлоо алдындагы мезгилде саясий атаандаштардын көбүйүшү саясатчынын имиджне карата болгон талаптардын курчушуна алып келет. Шайлоолордогу ийгилик, саясий карьера көбүн эсе саясий Имидждин өзүнө тартуучулук күчүнө, аныктыгына, иш аракеттеринин ирээттүүлүгүнө жараша болот. Ошондо гана электро аны башка атаандаштардан айрып-таануу, ага саясий симпатия көрсөтүү мүмкүн-чүлүгүнө ээ болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы. – Б.: 2004, ISBN 9967-14-011-9